• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто мыйзамсыз курулуштарга көзөмөл күчөтүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 09.07.23./Кабар/. Ош шаарында мыйзамсыз курулуштарга көзөмөл күчөтүлөт.

Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматынан билдиришкендей, мэрдин орун басары Замир Юсупов башында турган жумушчу топ архитектура жана шаардык мыйзамсыз курулуштарды көзөмөлдөө башкармалыгы биргеликте «Керме-Тоо» муниципалдык аймактык башкармалыгынын Кулатов көчөсүндө курулуп жаткан имараттын тиешелүү уруксат кагаздары жоктугуна байланыштуу курулуш иштерин жүргүзүүгө болбой тургандыгы боюнча эскертүү беришти.

Учурда «Пик Групп» ЖЧК курулуш компаниясына таандык имараттын курулушу боюнча тиешелүү соттук териштирүү иштери жүрүп жатат, бирок ага карабастан куруу иштери улантылып жатканы аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий