• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Нарын шаарында Өмүрзакова атындагы парк жарыктандырылды

Аймак 0

Бишкек, 25.02.23. /Кабар/. Нарын шаарында Роза Өмүрзакова атындагы парктын айланасы жарыктандырылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, сейил багы демөөрчү Алмаз Абдырахмановдун эсебинен алынган жабдуулар менен жарыктандырылды. Алдыда паркка даараткана салуу жана тийиштүү шарттарды түзүү пландалууда.

Ошондой эле шаар аймагына электр тогун аз сарптоочу чырактар, 10 ваттык лампалар коюлуп жатат.

Пикир

Оставить комментарий