• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда калктын 75%ы медициналык жактан камсыздандырылган

Ден соолук 0

Бишкек, 25.02.23. /Кабар/. Кыргызстанда өлкө калкынын бардык жарандары үчүн медициналык камсыздандыруу милдеттүү болуп калмакчы. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын орун басары Мирланбек Шабданов билдирди.

Ал 2023-жылдын 22-февралында Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасындагы жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамы үчүнчү окууда кабыл алынганын эске салды.

Шабданов бүгүнкү күндө өлкө калкынын 75%ы иш жүзүндө камсыздандырылгандар болуп саналарын белгиледи. Анын ичинен дээрлик 50%ы республикалык бюджеттен камсыздандырылгандар:

- калкты иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызмат органдарында расмий катталган жумушсуз жарандар;

- пенсионерлер, анын ичинде аскер пенсионерлер;

- бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана социалдык жөлөкпул алгандар;

- 16 жашка чейинки балдар (жалпы билим берүү уюмдарынын окуучулары окуусун аяктаганга чейин, бирок алар он сегиз жашка чыкканга чейин);

- күндүзгү окуу формасындагы орто жана жогорку окуу жайларынын 21 жашка чейинки курактагы студенттери;

- аскер кызматчылары.

Ал эми төмөнкү категориядагы жарандар камсыздандырылган деп эсептелет, аларга ММК полисин сатып алуунун кажети жок:

- иштеген жарандар, иш берүүчү алар үчүн милдеттүү медициналык камсыздандырууга 2% төгүм төлөйт;

- фермердик (дыйкан) чарбалардын мүчөлөрү Социалдык фондго камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн учурда;

- ММК полиси бар, анын ичинде милдеттүү медициналык камсыздандырууга өз алдынча төгүм төлөгөн адамдар.

Пикир

Оставить комментарий