• 88.68
  • 95
  • 0.95

Республиканын клиникаларында коронавирусту дарылоо боюнча КММАнын ординатор-анестезиологдору иш алып барууда

Ден соолук 0

Бишкек, 27.04.20. /Кабар/. Азыркы учурда Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын экинчи жыл окуп жаткан ординатор-анестезиологдору республиканын клиникаларында жана медициналык мекемелеринде COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктуруп алган жарандарды дарылоо боюнча ийгиликтүү иш алып барууда. Бул тууралуу окуу жайынын маалымат кызматы кабарлайт.

Атап айтканда, Кубанычбек уулу Калыс жана Полякова Татьяна медициналык тез жардам станциясында, Тажидинов Талант Энени жана баланы коргоо улуттук борборунда, Сурап уулу Бекмат Кемин районунун аймактык ооруканасында, Китаева Чолпон Москва районунун аймактык ооруканасында жана Тынчтыкбеков Талант Ысык-Көл облус аралык бириккен ооруканасында иштөөдө.

Ординатор-анестезиологдордун ишин Медакадемиянын доценти Динара Турдушева жетектөөдө.

Пикир

Оставить комментарий