• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад ОИИБи: Милиция Тогуз-Тородогу кар көчкү түшкөн аймакта кызмат өтөөдө

Аймак 0


Бишкек, 22.02.22. /Кабар/. Сузак РИИБнин Октябрь аймактык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери Тогуз-Тородогу кар көчкү түшкөн аймакта кызмат өтөөдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 14-февралында Балыкчы-Жалал-Абад автоунаа жолунун 334 жана 340-чакырымдарына чоң көлөмдөгү кар көчкү түшүп, жол куруп жаткан ишканага тиешелүү жол тазалоочу техникаларды айдоочулары менен кошо басып калган. Азыркы учурда кар көчкүнүн астында калган 44, 43, 35 жаштагы 3 кытай жана 24 жаштагы 1 кыргыз жаранын издөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Кар көчкү түшкөн аймакка чейин тоннелдин түштүк тарабына пост уюштурулуп, 10 милиция кызматкери нөөмөт менен кызмат өтөөдө. Пост аркылуу атайын техникалар, куткаруучулар жана ыктыярдуу элдик кошуундан бөтөн адамдардын тоннель тарапка өтүүсүнө бөгөт коюлган. Кар көчкү түшкөн аймакка өтүүнү каалаган жарандарга жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле милиция кызматкерлери жол куруп жаткан кытай жарандарынын коопсуздугун камсыз кылууда.

Азыркы учурда кар көчкү астында калган жарандарды издөө иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий