• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент билим берүү, теле жана радио тармагынын кызматкерлерин сыйлады — тизме

Президент 0

Бишкек, 13.12.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-декабрда, телекөрсөтүү, радиоуктуруу, ошондой эле, билим берүү тармагынын бир катар кызматкерлерин сыйлыктар менен сыйлады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Кесиптик милдеттерин ак ниет аткаргандыгы үчүн жана Кыргыз Республикасынын радио жана телекөрсөтүү кызматкерлеринин күнүн майрамдоого жана Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын 90 жылдыгына байланыштуу президенттин энчилүү сааты менен төмөндөгү кызматкерлер сыйланышты:

— УТРКнын «Кыргыз радиосунун» баяндамачысы Эльмира Ажыканова;

— К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин журналистика факультетинин деканы Алтын Асанова;

— «Кыргызтелефильм» киностудиясынын кинорежиссеру Автандыл Абышкаев;

— И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетинин деканы Замирбек Алымкулов;

— УТРКнын «Музыка» телеканалынын алып баруучусу Айзада Жамгырчиева;

— Чүй облустук медиаборборунун редактору Төлөбүбү Касымалиева;

— Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетинин деканы Ширин Костюк;

— Баткен облустук медиаборборунун директору Мамажан Молдоев;

— УТРКнын башкы директорунун орун басары Уланбек Сатиев;

— Ысык-Көл облустук медиаборборунун кабарчысы Асель Тулпарова;

— Нарын облустук медиаборборунун башкы редактору Бөлөкбай Шеримбеков.

Ошондой эле, мамлекет башчысынын атынан алкыш жарыяланды:

— УТРКнын үн режиссеру Бакытбек Ашырахмановго;

— УТРКнын «Ала-Тоо 24» каналынын алып баруучусу Расул Багышбаевге;

— «Кыргызтелефильм» киностудиясынын режиссеру Азат Жакыповго;

— УТРКнын «Маалымат» студиясынын шеф-редактору Нурбек Имановго;

— УТРКнын «Биринчи радиосунун» баяндамачысы Назира Молдокуловага;

— УТРКнын «Алтын казына» борборунун улук редактору Берметкан Сарыгуловага;

— УТРКнын шеф-редактору Мирхамид Токтогуловго;

— УТРКнын «Биринчи радиосунун» редактору Кулбюбю Усеновага;

— УТРКнын «Ала-Тоо 24» каналынын редактору Вера Черниковага;

— УТРКнын «Ала-Тоо 24» каналынын кабарчысы Амантур Шергазиевге.

Пикир

Оставить комментарий