• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Президент COVID-19 тууралуу: Илдеттин коркунучтуу экенине көптөгөн жарандарыбыз дагы эле маани бербей жатат

Президент 0

Бишкек, 30.06.20. /Кабар/. Коронавирус илдетинин коркунучу олуттуу экенине көптөгөн жарандарыбыз дагы эле маани бербей жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.

“Учурдагы эң актуалдуу маселе – бул коронавирус илдети менен болгон натыйжалуу күрөш экендиги айтпасам да түшүнүктүү. Азыр мурда болуп көрбөгөндөй өзгөчө кырдаалды башыбыздан кечирип жатабыз. Капыстан келген илдеттен калкыбыздын ден соолугун, өмүрүн натыйжалуу коргоо үчүн кадимки жай турмуш эмес, катаал күрөштүн шартында иштеп жатабыз. Биздин өлкө гана эмес, жалпы дүйнө мамлекеттеринин баары бул сыноого туш болду”, - деди ал.

Ал, азыркыга чейин вакцина табыла электигин айтып, илдеттен кутулуунун даяр жолу жок экенин билдирди.

“Ар ким кырдаалдан чыгуу үчүн өз жолун издеп, түрдүү ыкмаларды колдонуп жатат. Биз азыркы кыйын мезгилден чыгуу үчүн элибиздин ынтымагына, коомубуздун биримдигине таяндык. Ыкчам түрдө өзгөчө абал режимин киргизүү – өлкөбүздү пандемия коркунучунан сактап калууга өбөлгө түзгөн. Тартипти, санитардык-эпидемиологиялык нормаларды бекем сактап, кырдаалды көзөмөлдө кармадык. Инфекцияны жугузуунун темпи төмөндөй баштаган. Ошол эле учурда экономикалык чөйрөнүн ишке жөндөмдүүлүгүн сактап калуу муктаждыгына туш болдук. Ошондуктан, өзгөчө абал алынып, өзгөчө кырдаал режимин гана калтырдык. Тилекке каршы, өзгөчө абал алынгандан бери илдетти жугузгандардын саны көбөйүп жатат. Буга чейин жетишкен натыйжалар жокко чыгуу коркунучуна туш болду”, - деди ал.

Ал белгилегендей, Бишкек шаарында ооруну жугузгандардын саны көбөйдү.

“Буга медициналык талаптардын сакталбаганы негизги себеп болууда.Тилекке каршы, коомдук жайларда, өндүрүш ишканаларда, транспортто, ири соода жайларында санитардык-гигиеналык эрежелер сакталбай жатат. Көп адамдар катышкан тойлорду, эл көп чогулган башка салтанаттарды өткөрүү кайрадан башталды. Бул илдеттин коркунучу олуттуу экенине көптөгөн жарандарыбыз дагы эле маани бербей жатат. Айрымдардын “илдет жок, бул – саясат” дегендерине эл ишенип, адамдар жалган сөздүн курмандыгы болгону турат. Мен кайталап эскертейин – бул оорунун коркунучу азыр да сакталууда. Андан бир гана Кыргызстан жапа чегип жаткан жок. Жалпы дүйнө жабыркап, көптөрдүн айласы кетип жатат. Азыркы кырдаалда өкмөттүн негизги милдети - мамлекеттик жана жергиликтүү органдардын ишин мобилизациялап, элибиздин ден соолугун коргоо, журтубузду ушул илдеттин жайылуусунан сактап калуу”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий