• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент Эл аралык хоккей федерациясынын президенти Люк Тардиф менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 03.03.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-мартта, Эл аралык хоккей федерациясынын президенти Люк Тардиф менен жолугушту, - деп билдирет президенттин маалымат кызматы.

Мамлекет башчысы коноктор учурашып, спорт элдерди жана мамлекеттерди бириктирген, эл аралык өз ара түшүнүшүү жана ишеним атмосферасын чыңдоочу достуктун маанилүү көпүрөсү экенин белгиледи.

“Хоккейге болгон кызыгуубузду сактап калганыбызга кубанычтамын. Мында мүңкүрөп отуруп калбай, республикада хоккейди жайылтууга жана биздин команданын эл аралык турнирлерге катышуусуна аракет кылган ышкыбоздордун да эмгеги бар”, - деп белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы Эл аралык хоккей федерациясынын төртүнчү дивизиондогу биринчи дүйнөлүк чемпионатын Кыргызстанда өткөрүү чечимин канааттануу менен белгиледи. Муну жамааттык эмгекти баалоо жана кыргыз тараптын хоккейди өнүктүрүүгө болгон умтулуусун колдоо катары кабыл алса болот.

Садыр Жапаров чемпионат жана Кыргызстандын курама командасынын оюну балдар жана жаштардын спорттун бул түрү менен машыгуусуна түрткү берерин белгиледи. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда миңден ашык спортчу хоккей менен алектенет. Алардын дээрлик жарымы балдар экени кубандырат. Кыргызстан өлкөнүн курамасы он-он беш жылдан кийин шайба менен хоккей боюнча дүйнө чемпионатында жогорку дивизиондо жана кышкы Олимпиадада ойноруна ишеним артат.

Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров хоккей мектептерин ачуу жана Эл аралык хоккей федерациясынын алдында дүйнөлүк стандарттагы жаңы хоккей аренасын куруу маселесин колдоону сунуштады.

Мамлекет башчысы маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрине жана улуттук хоккей федерациясына бул маселелерди чечүү боюнча иш алып барууну тапшырды.

Өз кезегинде Люк Тардиф Садыр Жапаровго жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Мамлекет башчысын жана Кыргызстан элин өлкөнүн мамлекеттик туусунун 30 жылдыгы менен куттуктады.

Эл аралык хоккей федерациясынын президенти Кыргызстанга биринчи жолу келип жатканын белгиледи. Ал спорт бардык элдерди бириктирген универсалдуу тил экенин, Кыргызстанда кышкы спорттун түрлөрүн, анын ичинде хоккейди өнүктүрүү үчүн бардык шарттар бар экенин баса белгиледи.

Люк Тардиф шайбалуу хоккей боюнча алдыдагы дүйнөлүк чемпионатты уюштуруп, ага даярдангандыгы үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирди.

Эл аралык хоккей федерациясынын биринчи вице-президенти Петр Бржиза алардын делегациясы Кыргызстанда чоң толкундануу жана сыймыктануу менен жүргөнүн кошумчалады.

Анын айтымында, хоккей жалпы Азия чөлкөмүндө чоң өнүгүүгө ээ боло алат. Ал үчүн индустрия, атап айтканда машыккысы келгендер үчүн хоккей талаалары талап кылынат.

Петр Бржиза Кыргызстанда хоккейди мындан ары өнүктүрүү жана жайылтуу максатында кыргыз тарап менен жемиштүү кызматташууга ишенимин билдирди.

Жолугушуу жүрүшүндө президент Садыр Жапаров Эл аралык хоккей федерациясынын президенти Тардиф Жозеф Пьер Люкту Кыргызстанда хоккейди өнүктүрүүгө, ошондой эле хоккей боюнча дүйнөлүк чемпионатты уюштурууга кошкон зор салымы үчүн “Достук” ордени менен сыйлады.

Эл аралык хоккей федерациясынын биринчи вице-президенти Петр Бржизага менен Эл аралык хоккей федерациясынын Азия жана Океания боюнча аймактык вице-президенти Айваз Оморкановго Мамлекет башчысы Кыргызстан президентинин энчилүү саатын тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий