• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент Финполицияны Коопсуздук кеңешинин чечимдерин аткаруудагы кош көңүл мамилеси үчүн сынга алды

Президент 0

Бишкек, 24.01.20. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүнкү Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында Финансы полициянын жетекчилигин Коопсуздук кеңешинин чечимдерин аткаруудагы кош көңүл мамилеси үчүн сынга алды.

Анын айтымында, айрым жетекчилер Коопсуздук кеңешине материалдарды жөнөтүп жатып, эмнеге кол коюп жатканын окушпайт.

"Маселен, Финансы полициясы өздөрүнүн материалдарында, кылмыш жана кылмыш-процессуалдык мыйзамдарына өзгөртүү жана толуктоо киргизүүгө мораторий бар экенин белгилейт. Ага негиз катары өкмөттүн 2018-жылдагы токтомуна шилтеме келтирет. Бирок, ал токтом 2019-жылдын апрель айында өзүнүн күчүн жоготкон", - деди ал.

Ошондой эле ал белгилегендей, маалыматта "Укук коргоо органдарында кызмат кылуу тууралуу" мыйзам Жогорку Кеңеште биринчи окууда каралганы айтылат. Бирок, ал мыйзам кабыл алынып, 2020-жылдан тарта күчүнө кирген.

"Мунун баары Коопсуздук кеңешинин чечимдерин аткарууга кош көңүл мамиле болуп жатканын айгинелейт" - деди ал.

Аны менен катар президент дагы бир мисал айтып өттү.

"Коопсуздук кеңешинин чечими менен укук корго органдарына резонанстуу иштер боюнча иликтөөнүн жыйынтыктарын жарыялап туруу сунушталган. Ички иштер министрлиги менен улуттук коопсуздук органдары тиешелүү материалдарды жарыялап жатышат. Ал эми Финансы полициясы, ал кызматтык мүнөзгө ээ маалымат экенин айтып эч бир маалымат бербей жатат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий