• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Президент: Кабинетте отурганды токтоткула – инвесторлорду издөөгө убакыт келди

Президент 0

Бишкек, 27.02.19. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков чиновниктерди аймактарды өнүктүрүүдө чоң колдоо көрсөткөн донорлук уюмдар менен ачык жана активдүү иш алып барууга чакырды.

Өлкө башчысы бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, өнөктөштөр тарабынан бөлүнгөн каражаттарга шалаакылык жана өзүмчүл мамиле жасоо, алардын ишенимин жоготууга алып келет деп баса белгиледи.

“Мен мамлекеттик органдарга кайрылам. Кабинетте отурганды токтоткула. Аймактарга чыгып, өнөктөштөрдү жана инвесторлорду издөөгө убакыт келди. Бизге кызыкдар болгон абдан көп уюмдар бар. Алар менен иштегенди билиш керек”, - деди Жээнбеков.

Президент белгилегендей, көп долбоорлор донорлордун жана насыянын эсебинен ишке ашып келет, ошол себептен чыгашалардын үстүнөн катуу көзөмөл болушу керек.

Пикир

Оставить комментарий