• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент кандай учурда иниси Асылбек Жээнбековго карата чара көрөрүн айтты

Президент 0

Бишкек, 19.12.18. / Кабар/. Президент Жээнбеков иниси Асылбек Жээнбеков мамлекеттик кадр маселелерине кийлигишип жаткан фактылар болсо чара көрөрүн билдирди.

Президенттин жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынында “Апрель” телеканалынын журналисти мамлекет башчыга шаардын ар кайсы бөлүктөрүндө анын бир тууган иниси, ЖКнын депутаты Асылбек Жээнбековдун кабылдамалары ачылып, ал жерде мамлекеттик маанидеги жана кадрдык маселелер чечилип жатканын айтты.

Аталган маселе боюнча президент ЖМК өкүлдөрүн бул маалыматты фактылар менен тастыктап, көрсөтүүгө үндөдү.

“Сиздер журналист эмессиңерби, ошол кеңселерге барып, тартып көрсөткүлө. Эгер ал мамлекеттин кадрдык маселелерине кийлигишип жатса, ошондой фактылар болсо мен чара көрөм”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий