• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков Пекиндеги электромобилдерди чыгаруучу корпорацияга барды (сүрөт)

Президент 0

Бишкек, 08.06.18. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-июнда Кытайдагы автоунаа жана электромобиль чыгаруучу эң ири өндүрүш ишканаларынын бири болгон Beijing Automotive Group Co., Ltd (BAIC Group) корпорациясынын штаб-квартирасына барды. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчысы корпорациянын автоунаалар музейин, электромобилдердин акыркы моделдерин көрүп чыгып, алардын түзүлүшү жана иштөө принциптери менен таанышты.

Компаниянын өкүлдөрү Кытайдагы электромобилдерди чыгаруу боюнча автокомпаниялардын бешилтигине кирген BAIC Group корпорациясынын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып беришти.

Компаниянын башкармалыгынын Төрагасы Сюй Хей азыркы кезде Кыргызстан менен эки тараптуу иштиктүү байланыштарды кеңейтүү, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты тереңдетүү жүрүп жатканын белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков өзүнүн мамлекеттик визитинин алкагында өткөн бардык жолугушуулар жогорку деңгээлде өткөнүн жана жемиштүү болгонун, аларга канааттана турганын белгиледи. «Биз Кыргызстанда электромобилдерди чыгаруу боюнча биргелешкен ишкана курууну сунуш кылдык. Биздин бул сунушубузду КЭР Төрагасы Си Цзиньпин жана КЭР Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Кэцян колдоду. Биз достук мамилелерибизди бекемдейбиз. Биздин мамилелерибиз абдан бийик деңгээлге чыкты», — деп белгилеп, Мамлекет башчысы Кыргызстандын ЕАЭБке мүчөлүгү кыргыз-кытай экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү үчүн алда канча кененирээк мүмкүнчүлүктөрдү ачаарын кошумчалады.

Мамлекет башчысы бардык уюштуруу маселелери боюнча жеринде чечим кабыл алуу үчүн BAIC Group компаниясынын өкүлдөрүн Кыргызстанга келүүгө чакырды.

Сюй Хей чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, рынокту изилдөө үчүн алар Кыргызстанга өз өкүлдөрүн жибере турганын билдирди. «Биз долбоорду эң жакын арада ишке ашыруу үчүн бул маселени активдүү илгерилетебиз», — деди ал.

Сооронбай Жээнбеков ардактуу коноктор үчүн Китепте ишкана жамаатына мындан аркы ийгиликтерди каалаган жазуу калтырды.

Эскерте кетсек, Президент Сооронбай Жээнбеков КЭР төрагасы Си Цзиньпинге Кыргызстанда электромобиль чыгаруучу биргелешкен заводду куруу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштап, биздин өлкө кытай электромобилдерин чыгаруу жана Борбор Азия жана ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттоо үчүн плацдарм болуп бермек деп белгилеген.

Андан тышкары, КЭР Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Кэцян Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда бүгүнкү күндө Кытайда электромобилдерди өндүрүү динамикалуу өнүгүп жатканын белгилеп, Кытай тарап бул жаатта Кыргызстан менен кызматташууну жолго салууга даяр экенин билдирген.

Пикир

Оставить комментарий