• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Садыр Жапаров ТМККнын Башкы катчысы Багдад Амреев менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 27.10.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Садыр Жапаров Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Башкы катчысы Багдад Амреев менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайтында маалымдалат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин м.а., Премьер-министр Садыр Жапаров Багдад Амреевге өлкөдөгү учурдагы саясий кырдаал жөнүндө маалымат берип, ошол эле учурда Кыргызстан элинин биримдиги жана акылмандыгынын негизинде курч саясий кризис ыкчам жана тынч чечилгендигин белгиледи.

Тараптар кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулап, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине мүчө-мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

«Түрк тилдүү мамлекеттер ар дайым жакын өнөктөш болуп келген, бизди жалпы тарыхый тамырлар, элдерибиздин тилдеринин, маданияттарынын жана салттарынын окшоштугу байланыштырып турат», - деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Багдад Амреев өз кезегинде Түрк Кеңешинин экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы катышуучу өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча иши, ошондой эле уюмдун келечегин аныктаган «Түрк Кеңеши – 2025» стратегиясынын долбоору жөнүндө айтып берди. Жолугушуунун жүрүшүндө Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Түрк инвестициялык фондун түзүү боюнча иш-аракеттерди активдештирүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Кыргыз Республикасынын Президентинин м.а., Премьер-министр Садыр Жапаров кыргыз тарап ар тараптуу кызматташууга даяр экенин айтып, ТМККнын Инвестициялык фондунун башкы кеңсесин Бишкекте жайгаштыруу демилгесин кубаттады.

Жолугушуунун жыйынтыгында, ТМКК мүчө-мамлекеттеринин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү максатында үзгүлтүксүз диалог жүргүзүү жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Пикир

Оставить комментарий