• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Садыр Жапаров энергетика тармагына жабдууларды чыгарган венгриялык компанияга барды

Президент 0

Бишкек, 14.02.23./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-февралда Венгрияга болгон расмий сапарынын алкагында энергетика тармагына керектүү жабдууларды чыгаруучу «Ganz Transformers and Electric Rotating Machines Ltd» компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Мамлекет башчыга компаниянын продукциялары - жогорку чыңалуудагы электро-техникалык жабдууларды тейлөөчү трансформаторлор, кубаттуу электр кыймылдаткычтары, генераторлору жөнүндө маалымат берилди.

Президент компаниянын заманбап дизайнердик жана технологиялык чечимдерди колдонуу менен продукция чыгарган цехтерин көрүп чыкты.

Компания электр жабдууларын өндүрүү боюнча үч ири европалык ишканалардын бири болуп саналат, ошондой эле ар кандай колдонуу үчүн трансформаторлорду долбоорлоо жана сыноо боюнча адистешкен.

Садыр Жапаров компаниянын өкүлдөрүнөн өндүрүлгөн продукциялар тууралуу кененирээк сурап, аны ГЭСтерге орнотуу үчүн Кыргызстанга жеткирүү мүмкүнчүлүктөрүнө кызыкты.

Венгриянын өндүрүш кызматкерлери менен болгон баарлашууда Кыргызстандын энергетика тармагындагы потенциалы жогору экенин, бирок аны учурда 10% гана пайдаланып жатканын белгиледи.

Президент Кыргызстанда электр энергиясын өндүрүү үчүн ири суу ресурстары бар экенин жана азыр өлкөдө кичи жана орто ГЭСтерди массалык түрдө куруу менен энергетика тармагын активдүү өнүктүрүү жүрүп жатканын айтты.

Мамлекет башчысы белгилегендей, бардык кубаттуулугун толук пайдаланганда, Кыргызстан электр энергиясын коңшу өлкөлөргө гана эмес, Кытайга да экспорттой алат.

Ишканага барып келгенден кийин, Президент Садыр Жапаров аны коштоп барган тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине конкреттүү тапшырмаларды берди.

Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фондунун долбоорлорунун алкагында «Ganz Transformers and Electric Rotating Machines Ltd» компаниясы менен кызматташуу күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий