• 88.68
  • 95
  • 0.95

Биринчи айым Айгүл Жапарова Венгриянын Музыка үйүнө барды

Коом 0

Бишкек, 14.02.23./Кабар/. Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова президент Садыр Жапаровдун Венгрияга болгон расмий сапарынын алкагында Будапештте жайгашкан Венгриянын Музыка үйүнө жана анын музейине барды.

Айгүл Жапарова Венгриянын Улуттук жыйынынын (парламентинин) Вице-спикери Марта Матраи жана Музыка үйүнүн директору Андраш Баттанын коштоосунда Венгриянын борбор калаасынын көрүнүктүү жерлеринин бири болгон Европадагы эң ири шаардык маданий комплекс менен таанышты.

Венгриянын музыка үйү – бул Будапешттеги интерактивдүү көргөзмө, концерттик жана музыкалык-педагогикалык борбору.

Биринчи айымга Европадагы маданий шаарларды өнүктүрүү жаатындагы эң ири демилге болуп саналган Музыка үйүн куруу долбоорунун жаралышы жөнүндө кеңири айтып беришти.

Айгүл Жапарова Венгриянын Музыка үйүн жана музейди кыдырган учурда, ага Саякбай Каралаевдин аткаруусундагы «Манас» эпосунан үзүндү ойнотулган экспозициянын уникалдуу элементин көрсөтүштү (көргөзмөнүн идеясы боюнча венгер фольклордук музыкасынын калыптанышында кыргыз фольклору роль ойногон).

Ошондой эле, Венгриянын Музыка үйүнө барганда Биринчи айым үчүн атайын жаш музыканттын музыкалык аткаруусу коюлду.

Пикир

Оставить комментарий