• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент ӨКМдин керектөөсү үчүн эки талаа госпиталын тапшырды

Президент 0


Бишкек, 24.09.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин керектөөсү үчүн эки талаа госпиталын өткөрүп берди.

Аларды кытай тарап эки өлкөнүн лидерлеринин ортосундагы макулдашуулардын алкагында кайтарымсыз гранттык негизде өткөрүп берген. Мобилдик ооруканалар өзгөчө кырдаал аймактарында жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүү максатын көздөйт.

“China Sinopharm International” фирмасынын мобилдик госпиталы атайын жол тандабас автоунаалардын базасында куралып, 19 түрлүү багыттагы унаалардан турат жана ар бир унаа өзүнчө функцияны камтыйт.

Негизги максаты бул апаат жана жапырт кырсык болгон жерлерге ыкчам түрүндө жетүү, атайын окуутулган жана машыктырылган адистердин жардамы менен ошондой эле кыска убакытта жайылып тургузулуу үчүн ылайык кылып жасалган.

Бир мобилдик госпитал күнүнө 150 бейтапты амбулатордук кабыл алуу, 20 чейин хирургиялык операцияларды жүргүзүүгө, 90 бейтапты жаткызып дарылоо жана 8 орундуу интенсивдик терапия бөлмөлүү мүмкүнчүлүгү бар. Бир госпиталды 60 адис тейлейт, 5-6 саат ичинде куралат. Медициналык жана тейлөө персонал үчүн 60 орундук өзүнчө чатырлар каралган.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө бул госпиталдар айттырбай келген ар кыл апааттардан адамдардын өмүрлөрүн сактарына ишенимин билдирди.

“Дүйнө жүзүндө барган сайын табигый жана техногендик кырсыктардын саны көбөйүп, ал бүтүндөй дүйнө элин түйшөлткөн глобалдуу көйгөйгө айланууда. Асман тиреген шаарларды көз ачып-жумгуча урандыга айландырган табигый кырсыктарды да көрүп жатабыз. Адам баласы табигый кырсыктардын алдында алсыз экенин түшүндүк.

Бир мамлекет эмес, бүтүндөй дүйнө эли пандемияда эмне болду? Билесиздер, коронавирус кыргыз элин кыйгап өтүп кеткен жок. Бул чоң сыноо алгач Кыргыз мамлекетинин медицинасынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишин бекемдөөгө чоң коңгуроо болду десек болот!

Дегеле, табигый жана техногендик кырсыктарды алдын алууда, анын кесепеттерин жоюуда жалпы адамзат биргелешкенде гана туруштук берерин бул илдет далилдеп койду.

Андыктан, дүйнө элин кооптондурган өзгөчө кырдаалдарды эске алуу менен мындан эки жыл мурун февраль айында Саламаттыкты сактоо жана Өзгөчө кырдаалдар министрликтерине көчмө талаа госпиталын алууга, медициналык зарылчылыкты бекемдөөгө тапшырма берилген”,- деп белгиледи президент.

Мамлекет башчысы кытай тарапка ыраазычылык билдирип, бир талаа ооруканасы Бишкек шаарына, экинчиси Ош шаарына жайгаштырыла турганын айтты.

Садыр Жапаров Саламаттыкты сактоо жана Өзгөчө кырдаалдар министрликтери мындай мүмкүнчүлүктү туура колдонуу аркылуу Биргелешкен апааттык медицина кызматын уюштурууну аягына чыгарып, өнүккөн өлкөлөрдөй талаа медицинасын айкалыштырарына ишеним артты.

“Бул жабдуу өзгөчө кырдаалдар чыккан аймактарда ыкчам, жеткиликтүү жана квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүүгө түрткү болот. Ушул жылы 1-февралда өрт өчүрүү техникаларын тапшырып жатып: “Куткаруучулук кесипти – эл сыймыктана турган кесипке айландырам” деп эл алдында айткан элем. Бүгүн да ошол сөзүмдү зор ишеним менен кайталай алам. Куткаруучу – келечекте эл сыймыктанган, жаштар дилгирленген кесиптердин бири болоруна терең ишенем”, - деп сөзүн жыйынтыктады президент.

Пикир

Оставить комментарий