• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент жаңы окуу жылына карата ОшМПУнун корпусунун курулушун бүткөрүүнү тапшырды

Президент 0


Бишкек, 30.07.23./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Ош шаарына жана Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош шаарындагы А.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин жаңы корпусунун курулушу менен таанышты.

Мамлекет башчысына жаңы беш кабаттуу объекттин курулушу 2021-жылдын ноябрында башталганы маалымдалды.

Аталган окуу имаратынын жалпы аянты 3,6 миң чарчы метрди түзөт. Ага 54 окуу бөлмөсү, китепкана, ашкана, конференц-зал жана компьютердик класс кирет. Жаңы имараттын долбоорунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана улгайгандар ЖОЖго тоскоолдуксуз кириши үчүн пандустарды жана лифттерди орнотуу каралган.

Университеттин жаңы имаратында Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын студенттери үчүн педагогикалык адистик боюнча гана окутуу жүргүзүлөт.

Мугалимдик кесиптин өзгөчө ролун белгилеп, президент Садыр Жапаров имараттын курулушун 2023-2024-жаңы окуу жылынын башталышына карата бүткөрүүнү тапшырды.

Мамлекет башчысы келечекте аталган окуу жайдан өсүп келе жаткан муунга пайдалуу билим бере ала турган жогорку квалификациялуу педагогдор чыгышын каалады.

Пикир

Оставить комментарий