• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Президент Кылмыш-жаза жана Укук бузуулар кодексин кайра карап чыгуу үчүн ЖКга кайтарды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 21.09.21. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Кылмыш-жаза жана Укук бузуулар кодексин кайра карап чыгуу үчүн Жогорку Кеңешке кайтарды.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук коргоо, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитети бүгүн, 21-сентябрда Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, Кылмыш-жаза кодексин, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Укук бузуулар жөнүндө кодексин ишке киргизүү жана айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамга президенттин каршы пикирин карады.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев өзүнүн түшүндүрмөсүндө белгилегендей, ал кодекстин демилгечиси катары президенттин каршы пикирине макул болгонун билдирди.

Депутат Мирлан Жээнчороевдун пикиринде, президенттин каршы пикирлеринде кодекстин айрым ченемдерин кайра карап чыгуу сунушталган, буга байланыштуу кодекстин макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү зарыл.

Талкуунун жыйынтыгында Комитет президенттин каршы пикирине макул болду.

Пикир

Оставить комментарий