• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Мамкызматкерлерди COVID-19га каршы вакцинациялоо боюнча мамлекеттик органдардын рейтинги

COVID - 19 0

Бишкек, 21.09.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасында калкты COVID-19га каршы вакцинациялоо боюнча иш-чаралар уланууда. Мамлекеттик кызматкерлер –министрлик жана административдик ведомстволордун кызматкерлери да эмдөөдөн өтүүдө.

Республикалык штаб мамлекеттик кызматкерлерди COVID-19га каршы вакцинациялоо боюнча мамлекеттик органдардын рейтингин түздү.

2021-жылдын 20-сентябрына карата Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жана ага караштуу ведомстволордун кызматкерлери эмдөөдөн өткөндөрдүн пайыздык көрсөткүчү 90,1%га жетти.

Социалдык жатан жоопкер мамлекеттик кызматкерлердин экинчи катарында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери (82%ы вакцинацияланган), үчүнчү орунда Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин кызматкерлери (77,4%) турат.

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинде да жакшы көрсөткүч катталган, анда кызматкерлердин 75,9%ы COVID-19га каршы эмдөө алган.

Инвестициялар министрлигинде вакцина алгандардын саны – 61,8% түзөт, Экономика жана финансы министрлигинде (анын ичинде ведомствого караштуу түзүмдөрдө) 48,5%, Тышкы иштер министрлигинде – 44,8%, Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматында 44%, Улуттук статистикалык комитетинде 45% кызматкер эмдөө алган.

Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматынын кызматкерлеринин 37%ы COVID-19га каршы эмделген, Улуттук банкта – 26%, Санариптик өнүктүрүү министрлигинде – 25% эмделген.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин (24%), Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин (21,3%), Эсеп палатасынын (21,4%), Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин (19,7%) кызматкерлеринин төрттөн бир бөлүгү вакцина алды.

Энергетика жана өнөр жай министрлигинин (8,8%) жана Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин (7%) вакцина алуу көрсөткүчү эң төмөн.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 21-сентябрына карата COVID-19га каршы 1,3 миллиондон ашык вакцина колдонулган. Биринчи доза менен 774 миңден ашуун адам эмделген, 571 миңден ашык адам экинчи доза менен эмделген.

Республикалык штаб COVID-19дун жайылышын болтурбоонун, өзүңдү жана жакындарыңды оорунун күчөп кетүүсүнөн коргоонун бирден-бир ишенимдүү жолу эмдөө экенин эскертет.

Штаб жарандарды акысыз жана ыктыярдуу түрдө жүргүзүлүүчү COVID-19га каршы эмдөөгө активдүү катышууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий