• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ЖКнын айым депутаттарынын форуму Сокулук районунда өттү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 19.12.18. /Кабар/. Чүй облусунун Сокулук районунда Жогорку Кеңештин айым депутаттарынын форумунун кезектеги жыйыны өттү. Жыйында гендердик теңчилик, аялдардын мамлекеттик башкарууга аралашуусу, өкүлчүлүк органдарга аялдардын шайланышы, ала качуу, үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу сындуу маселелер талкууланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Форумда сөз сүйлөгөн депутат Рада Туманбаева Жогорку Кеңештин айым депутаттарынын форуму түзүлгөндөн бери бир топ алгылыктуу иштер аткарылып, айрым социалдык маселелерди талкуулоодо айым депутаттар активдүүлүгүн көрсөтүп жаткандыгына токтолду.

“Жогорку Кеңеште айым депутаттардын демилгеси менен эрте никеге туруу, кыз ала качуу сыяктуу бир катар мыйзамсыздыктарды жоюу багытында мыйзам долбоорлору иштелип чыкты. Парламенттик-демократияга багыт алган Кыргызстан үчүн гендердик теӊчиликти камсыздоо башкы максат. Бүгүн өтүп жаткан форумдун да негизи милдеттеринин бири ала качуу, эрте никеге турууга тыюу салган мыйзамдардын жер-жерлерде аткарылуусун көзөмөлдөө болуп саналат”, - деди Рада Туманбаева.

Депутат Аида Исмаилова төрөттөн, онкологиялык оорулардан, жабык жайларда көз жумган аялдардын санын азайтуу керек экенин айтып, бул багытта токтоосуз чара көрүү зарылчылыгын белгиледи.

“Бүгүнкү күндө аялзаты ала качуу сындуу салттын курманыдыгы болууда. Эрте турмушка чыгып төрөттөн көз жумгандар да бар. Дени сак улутту, саламаттыгы бекем келечек муунду тарбиялайбыз десек эң ириде энелердин, андан кийин аялзатынын ден соолугуна көңүл буруубуз керек”, - деди Исмаилова.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин айым депутаттарынын форумуна депутаттар Рада Туманбаева, Айнура Осмонова, Гүлшат Асылбаева, Евгения Строкова, Айнуру Алтыбаева, Динара Исаева, Аида Исмаилова, Эльвира Сурабалдиева катышты.

Пикир

Оставить комментарий