• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бейшеналиев Кыргызстанда медиктер канча айлык аларын айтты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 04.04.24. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында медицина тармагында иштеген кызматкерлердин канча айлык аларын айтты.

Анын айтымына караганда, административдик башкармалыктагы персоналдык бир айлык маянасы 2020-жылы 9 миң 634 сомду, 2021-жылы 14,4 миң сомду, 2022-жылы 14,6 миң сомду жана 2023-жылы 20,2 миң сомду түзгөн.

Дарыгерлердин орточо айлык акысы

  • 2020-жыл— 8,5 миң сом
  • 2021-жыл — 12,8 миң сом
  • 2022-жыл — 14,2 миң сом
  • 2023-жыл — 23,5 миң сом

Ортоңку звенодогу медиктер

  • 2020-жыл— 7,8 миң сом
  • 2021-жыл — 11,7 миң сом
  • 2022-жыл — 11,9 миң сом
  • 2023-жыл — 19,1 миң сом.

Төмөнкү звенодогу медиктер

  • 2020-жыл — 6,6 миң сом
  • 2021-жыл — 9,9 мин сом
  • 2022-жыл — 10,5 миң сом
  • 2023-жыл — 13,6 миң сом.

Пикир

Оставить комментарий