• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент радио жана телевидение кызматкерлерин куттуктады

Президент 0

Бишкек, 08.12.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн радиоуктуруу жана телекөрсөтүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы — Кыргыз Республикасынын радио жана телевидение кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

«Урматтуу телекөрсөтүү жана радиоуктуруу кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!

Телеберүү жана радио тармагынын кызматкерлери өлкөнүн улуттук биримдигин, коомдун туруктуулугун, ынтымакты сактоого жана чыңдоого көмөктөшүү, калктын көз карандысыз жана калыс маалыматка ээ болушун камсыз кылуу жаатында чоң милдеттерди аркалап келишет.

Бүгүнкү майрам күнү сиздерге ак ниет эмгек, жогорку кесипкөйлүк, тандап алган кесибиңиздерге чексиз берилгендигиңиздер үчүн терең ыраазычылык билдирем!

Дүйнө жүзүндө маалыматты жыйноо жана жайылтуу ыкмаларынын түрлөрү барган сайын өнүгүп, элге теле жана радиопрограммалардын кеңири тандоосу тартууланууда. Бул динамикалык прогресс аталган тармактын адистери үчүн атаандаштык чөйрө түзүп, алардын маалымат издөө ыкмаларын, чыгармачыл ой жүгүртүүсүн, интеллектуалдык шык-жөндөмүн дайыма өркүндөтүп турууга мажбурлайт.

Албетте, буга чейин болуп келгендей эле, жалпыга маалымдоо каражаттары, анын ичинде теле жана радио ар бир адамдын күнүмдүк жашоосуна олуттуу таасирин тийгизет. Алар руханий жана улуттук баалуулуктарды жайылтуу, ошондой эле мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын калкыбыздын калың катмарына жеткирүү үчүн алмаштыргыс каражат болуп саналат.

Коомдук аң-сезимдин калыптанышына радио жана телекөрсөтүү өкүлдөрүнүн кошкон зор салымын белгилебей кетсек болбос. Алардын алдында күн сайын өлкөдө жана дүйнөдө болуп жаткан окуяларды кесиптик жоопкерчилик менен чагылдыруу милдети турат!

Кыргыз мамлекетинин жаркын келечегине багытталган ары сыймыктуу, ары түйшүктүү ишиңиздер үчүн дагы бир ирет ыраазычылык билдирүү менен, баарыңыздарга чың ден соолук, бакубат турмуш жана чыгармачыл ийгиликтерди каалаймын.

Урматтуу радиоуктуруу жана телекөрсөтүү кызматкерлери, кесиптик майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктайм.

Жан дүйнөбүздү байытып, жашообузду жарык кылган чыгармачылыгыңыздар өркүндөй берсин.

Кесипкөйлүгүңүздөр арта берсин!».

Пикир

Оставить комментарий