• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясында сөз сүйлөдү

Президент 0


Бишкек, 20.09.23. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 19-сентябрда Нью-Йорк шаарында (АКШ) БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын Жалпы дебаттарында сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчысынын сөзү:

«Урматтуу Башкы катчы мырза,
Урматтуу Төрага мырза,
Урматтуу делегация башчылары,
Айымдар жана мырзалар,

Эң оболу Тринидад жана Тобагонун жогорку өкүлү урматтуу Дэннис Фрэнсис мырзаны Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын Төрагасы болуп шайланышы менен куттуктайм.

Бул жооптуу кызматта Сизге ийгиликтерди жана жетишкендиктерди каалайм. Төрагалыктын алкагында Кыргызстандын колдоосуна ишенсеңиз болот.

Жигердүү ишмердиги жана Кыргызстандын эл аралык демилгелерине колдоо көрсөткөндүгү үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын өткөн 77-сессиясынын Төрагасы, боордош Венгрия мамлекетинин өкүлү урматтуу Чаба Кёрёши мырзага ыраазычылык билдирем.

Урматтуу айымдар жана мырзалар,

Бүгүнкү күндө бүткүл аалам бурулуш учурунда турат. Биз баарыбыз дүйнөлүк тартиптин терс өзгөрүшүнө күбө болуп, ири державалардын жана алардын блокторунун ортосундагы геостратегиялык атаандаштыктын күчөшүн ачык-айкын сезип турабыз.

Геосаясий чыңалуу дүйнөнү регионалдык жана субрегионалдык, финансылык жана экономикалык блокторго жана тутумдарга бөлүп-жарууга алып баратат.

Ошондой эле, ар кайсы өлкөлөрдүн өкмөттөрү экономикалык, технологиялык жана геосаясий тандоолорду жасоого аргасыз болору айдан ачык болуп турат.

Дүйнөлүк масштабдагы соккулардын арасынан али жок болуп кете элек, миллиондогон адамдардын өмүрүн алган жана 12 триллион доллардан ашкан экономикалык жоготууларга себеп болгон коронавирус инфекциясынын жайылышын белгилегим келет.

Инфляциянын эң жогорку деңгээли байкалып, азык-түлүктүн баасы дүйнө жүзү акыркы 60 жылдан бери көрө элек көрсөткүчкө чыкты.

Геоэкономикалык фрагментация тобокелдиктери, эл аралык валюта фондунун маалыматы боюнча, дүйнөлүк ички дүң өнүмдүн 7% га төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн.

Өлкөлөрдүн жана өлкөлөрдүн топторунун ортосундагы ишенимдин төмөндөшү кооптондурат.

Ошентсе да, климаттык кризис, азык-түлүк коопсуздугунун коркунучу жана өсүп жаткан теңсиздик сыяктуу глобалдык чакырыктар жана тобокелдиктер, тескерисинче, эл аралык коомчулуктун мүчөлөрүн бириктирет деп ишенем.

Дүйнөдөгү геосаясий ландшафттын андан ары бытырашына жол бербеген көп тараптуу системаны куруу өтө зарыл.

Мындан 78 жыл мурун, Бириккен Улуттар Уюму адамзат тарыхындагы эң кандуу жана кыйратуучу согуштан кийин жаңы гана ишин баштаганда, эл аралык шарттар азыркы күндөргө караганда жеңилирээк беле, деген суроо туулат.

Же анда карама-каршылыктар, айрыкча саясий жана идеологиялык, азыркыга караганда анчалык курч эмес беле?

Мүчө-мамлекеттердин бири-бирин угуусуна жана пикир келишпестиктерди жоюуга, диалогду жөнгө салууга эмне тоскоолдук кылууда?

«Темир көшөгө» жана аскердик-блоктук ой жүгүртүүгө карабастан, өткөн мезгил аралыгында Бириккен Улуттар Уюму өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан, чоң жана чакан өлкөлөрдү бириктирген, дипломатиянын эң мыйзамдуу жана жалпы таанылган платформасы болгон жана болуп кала берет.

Кыргызстан адамзаттын алдында тынымсыз пайда болуучу чакырыктарды чечүүгө Уюмга мүчө болгон бардык мамлекеттер тарабынан ыйгарым укук берилген жалгыз универсалдуу түзүм катары Бириккен Улуттар Уюмун чечкиндүү колдойт.

Башкы катчы Антониу Гутерреш мырзанын жетекчилиги астында жана мүчө мамлекеттердин олуттуу жардамы менен Бириккен Улуттар Уюму өзүнүн функцияларын мындан да натыйжалуу аткаруу механизмдерин жана жолдорун таап, мүчө мамлекеттерге актуалдуу глобалдык көйгөйлөрдү чечүүдө жана чакырыктарды жеңүүдө көмөктөшөт деп ишенем.

2030-Күн тартибин ишке ашыруу аркылуу туруктуу өнүгүүнү камсыздоо ишинде бул өзгөчө маанилүү.

Бардык мүчө мамлекеттерди ушундай катаал учурда Уюмга жана анын Башкы катчысына ар тараптуу саясий колдоо көрсөтүүгө чакырып кетет элем.

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысына коопсуздук жаатында көп тараптуу кызматташтыктын келечеги тууралуу көз карашы менен «Дүйнө үчүн жаңы күн тартиби» аттуу аналитикалык каты үчүн ыраазычылык билдирем. «Жаңы көп тараптуулуктун кыймылдаткыч күчү дипломатия болушу керек» деген негизги тезиске биз толук кошулабыз.

2024-жылы Келечек саммитинин жүрүшүндө Келечек пактын иштеп чыгуу боюнча биргеликте жигердүү иштөөгө даярбыз.

Урматтуу айымдар жана мырзалар,

Борбордук Азия тууралуу сөз кылсак, төмөнкүлөрдү белгилеп кетким келет.

Биз, Борбордук Азиянын тектеш элдеринин өкүлдөрү, миң жылдык тарыхыбыз жана маданиятыбыз менен сыймыктанабыз. Биздин каада-салттарыбыз менен үрп-адаттарыбыз окшош. Менталитет, психология жана дүйнөгө болгон көз караштарыбыз жагынан дагы бизди көп нерсе бириктирип турат.

Орун алып жаткан глобалдуу процесстер бир жагынан Борбордук Азия регионундагы стабилдүүлүккө жана коопсуздукка түздөн-түз таасир этсе, экинчи жагынан анын ролун жана маанисин күчөтүп жатат.

Региондун өлкөлөрү менен мамилелерди чыңдоо – биздин өлкө үчүн эң жогорку приоритет.

Акыркы жылдары Борбордук Азияда регионалдык өз ара аракеттенүү бардык багыттар боюнча ырааттуу өнүгүп жаткандыгын канааттануу менен белгилейм.

Мен биздин аймакты экономикалык кызматташуунун жана өз ара аракеттенүүнүн бардык формалары ийгиликтүү түзүлгөн бирдиктүү геоэкономикалык мейкиндик катары көрөм.

Мен биздин аймакты эл аралык коомчулуктун мүчөлөрүнө өз ара аракеттенүүсүнө жана кызматташуусуна өз салымын кошкон геосаясий ортомчу катары көрөм.

Мен биздин аймакты окшош маданий, тарыхый жана салттуу баалуулуктарды туткан жана колдогон жигердүү өз ара аракеттенип жана динамикалуу түрдө өнүгүп жаткан коомдор катары көрөм.

Кыргызстан аймактык кооперацияны күчөтүүгө өз салымын кошууга, кызматташтыктын жаңы натыйжалуу форматтарын табууга жана ошол эле учурда эки тараптуу жана көп тараптуу форматтарда ар кандай дүйнөлүк таасир борборлору менен активдүү өз ара аракеттенүүгө ниеттенет.

Толук кандуу регионалдык интеграцияга карай жолдо мамлекеттик чек араларды юридикалык тариздөө маселелерин чечүү зарыл.

Туура бир жыл мурда ушул трибунадан чыгып сүйлөп жатып, өткөн жылдын сентябрь айында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууларга байланыштуу болгон кайгылуу окуялар тууралуу жүрөгүм сыздап, кабарлагам.

Тынчтыкты сүйгөн элибиздин сабырдуулугунун жана эки өлкөнүн саясий эркинин аркасында биз чыр-чатактын андан ары ырбап кетишине жол бербей, аймактагы кандуу согушту токтото алдык.

Ушуга байланыштуу, Кыргызстан талаш маселелерди аймактык бүтүндүк, күч колдонбоо же күчтү колдонуу менен коркутпоо сыяктуу эл аралык укуктун принциптеринин жана ченемдеринин негизинде тынчтык жолу менен гана чечүүнү жактап келгенин баса белгилегим келет.

Биз эч качан бөтөн жерди басып алууга умтулган эмеспиз, бирок эч кимге өз жерибизди тартып алууга жол бербейбиз.

Биз ар дайым диалог курууга жана региондо ишеним менен өз ара урматтоого негизделген өз ара алгылыктуу чечимдерди издөөгө умтулабыз.

Былтыр декабрь айында, дээрлик 30 жылдык сүйлөшүүлөрдөн кийин биз Өзбекстан менен мамлекеттик чек араны юридикалык тариздөө боюнча Келишимге кол койдук.

Эки мамлекеттин башчыларынын саясий эркинин аркасында жетишилген бул тарыхый чечим эки өлкөнүн жана элдердин ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыгына жана тынчтыкта жанаша жашоосуна кеңири перспективаларды ачты.

Биз башка өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдө дал ушундай мамилени карманабыз.

Биз бардык кошуналарыбыз менен тынчтыкта, ынтымакта жана достукта жашагыбыз келет.

Борбордук Азиядагы коопсуздук жана туруктуулук жөнүндө сөз кылсак, аларды Афганистандагы кырдаалдын өңүтүндө кароо керек.

Афганистандын эли бул өлкөдөгү кырдаалга карата дүйнөлүк коомчулуктун макулдашылган позициясынын жоктугу менен олуттуу кыйынчылыктарга туш болуп жаткандыгын эл аралык коомчулукка эскертип коюш өтө маанилүү деп эсептейм.

Эгерде мен Афганистанга жакынкы региондордун гана эмес, бүткүл дүйнөлүк коомчулуктун коопсуздугуна таасир эте турган гуманитардык кризис коркунучу бар деп айтсам, жаңылышпайм.

Кыргызстан Афганистандын тынч, туруктуу жана бакубат жашоосуна кызыкдар. Биз эл аралык коомчулукту афган элине гуманитардык жана экономикалык жардам көрсөтүүнү улантууга чакырабыз.

Урматтуу айымдар жана мырзалар,

Кечээ Бириккен Улуттар Уюмунун Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча Саммит аяктады, ал туруктуу өнүгүүгө кыйшаюусуз жетишүүнүн маанилүүлүгүн дагы бир ирет тастыктады. Ошондой эле туруктуу өнүгүү максаттарды ишке ашыруудагы кемчиликтерди аныктап, мамлекеттердин конкреттүү милдеттенмелерин белгиледи.

Биз Бириккен Улуттар Уюмунун бардык Туруктуу өнүгүү максаттарын аткаруунун акыркы мөөнөтүнө – 2030-жылга карай жолдун ортосундабыз. Кыргызстан Туруктуу өнүгүү максаттарды ишке ашыруу боюнча БУУга мүчө 166 мамлекеттин ичинен 45-орунду ээледи. ТӨМдү аткаруу боюнча 30 мыкты өлкөнүн катарына 2030-жылга чейин кирүүгө умтулабыз.

Эл аралык коомчулук жаңы дем берип, аларга жетүү үчүн тилектештикти күчөтүшү керек.

Биз сандарды, диаграммаларды, схемаларды жана башка «экономикалык акылмандыктарды» артынан кубалап түшпөшүбүз керек, анткени 17 Максаттын маңызы жана өзөгү болгон Адам жоголуп кетиши мүмкүн.

2030-жыл жакындап калды жана биз өзүбүзгө суроо беришибиз керек: Адамдын суроо-талаптары жана тилектери чечилдиби? Анын коопсуздугу, бакубаттыгы, жыргалчылыгы камсыздалдыбы? Ал бактылуубу? Аны кандай келечек күтүп турат?

Өтө жакырчылык жана климаттын өзгөрүшү сыяктуу маселелерди глобалдык жамааттык жооп табуу менен гана чечүүгө болот.

Бириккен Улуттар Уюмунун урматтуу Башкы катчысы Туруктуу өнүгүүнү каржылоо жөнүндө отчетунда туура белгилегендей, туруктуу өнүгүүгө инвестиция салууга жана энергетика жана азык-түлүк системаларын трансформациялоого каражат жок болгондуктан, өнүгүп келе жаткан өлкөлөр Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү жолунда артта калууда.

Өнүгүп келе жаткан өлкөлөр өнүгүүгө инвестиция салуу жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо зарылчылыгы сыяктуу эки чакырыкка бир учурда дуушар болууусу – учурдагы реалдуулук.

Ушуга байланыштуу, өнүгүүнү каржылоо боюнча Аддис-Абеба программасын ишке ашыруу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүүгө чакырабыз. Атап айтканда, климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу жоготуулардын жана зыяндын ордун толтуруу, тышкы карыздардын жүгүн жеңилдетүү жана карыздарды жөнгө салуунун эл аралык архитектурасын өркүндөтүү үчүн Фондду тез арада ишке киргизүү зарыл.

Урматтуу айымдар жана мырзалар,

Мурунку саммиттерде жана климаттын өзгөрүшү боюнча конференцияларда амбициялуу билдирүүлөр жана убадалар берилген.

Париж Келишиминин алкагында 2015-жылы жарыяланган жыл сайынкы каржылоо деңгээли бүгүнкү күндө жетишсиз.

Климаттык өзгөрүүлөргө аярлуу өлкөлөрдүн реалдуу муктаждыктарына жооп берген каржылоо деңгээлин олуттуу көбөйтүү жагына кайра карап чыгуу зарыл деп эсептейбиз.

Дагы бир көйгөй – бул климаттык каржылоонун олуттуу бөлүгү кирешеси төмөн жана орто болгон өлкөлөргө насыя түрүндө берилет. 1 миллион же бир миллиард долларлык долбоорлорго насыя берүү жол-жоболорунда эч кандай айырмачылык жок.

Бул климаттык келишимдердин маңызын жана максаттарын жокко чыгарат.

Мен биздин өнөктөштөргө тышкы карызыбызды экологиялык долбоорлорго алмаштыруу өтүнүчү менен кайрылгам.

Бирок, тилекке каршы, көптөгөн өнүккөн өлкөлөрдөн жооп ала алган жокпуз. Бир гана Германия өкмөтү көңүл бөлүп, 15 млн евро карызын жойду.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып Германия тарапка ыраазычылык билдирем.

Донорлорду муктаж болгон өлкөлөргө климаттык каржылоону гранттык негизде берүү маселесин карап чыгууга чакырабыз.

Шарм-эш-Шейхте өткөн акыркы климаттык конференцияда сунушталган «Бриджтаун демилгесин», ошондой эле үстүбүздөгү жылдын июнь айында Парижде өткөн Глобалдык каржылоо саммитиндеги керектүү каржылоону мобилизациялоо жана эл аралык каржы архитектурасын структуралык реформалоо жөнүндө чакырыктарды колдойбуз.

Эгерде биз муну азыр баштабасак, анда дүйнөдө адилетсиздик күчөй берет. Байлар байыгандан байып, жакырлар андан да жакырлана берет.

Урматтуу айымдар жана мырзалар,

Глобалдык климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу тоолуу аймактар өзгөчө аярлуу болуп калды. Биздин өлкөдө тоолор аймактын 94% ээлейт.

Тоо мөңгүлөрү Жердин криосферасынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат, алар биздин планетанын климатына гана таасир этпестен, флора жана фауна үчүн жашоо чөйрөсүн камсыз кылат, адамдарды суу менен камсыз кылат.

Борбордук Азиядагы климаттык өзгөрүүлөр мөңгүлөрдүн эришине алып келди. Эгерде мурда Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн аянты 2050-жылга чейин жарымына кыскарып, 2100-жылга чейин алар таптакыр жок болуп кетиши мүмкүн деп болжолдонсо, эми бул процесс мындан дагы тез болот деп айтканга негиз пайда болууда.

Мындай жагдай бүткүл региондо көйгөйлөрдүн күчөшүнө алып келүүдө: ичүү жана айыл чарбасы үчүн суу жетишпей, кыртыш деградацияланып, азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жаралууда.

Климаттын өзгөрүшү боюнча өкмөттөр аралык эксперттердин тобунун акыркы отчетуна ылайык, криосферанын өзгөрүүсүнүн терс таасирин экосистемасы адаптациялоонун акыркы чегине жеткен бийик тоолуу региондордун тургундары өзгөчө сезип жатышат.

Тоо экосистемаларын жана мөңгүлөрдү натыйжалуу сактоо максатында, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан буга чейин кабыл алынган тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча резолюциялардын негизинде биздин өлкө Глобалдык тоо өнөктөштүгү жана Бириккен Улуттар Уюумунун тутумунун башка өкүлдөрү менен биргеликте Глобалдуу иш-аракеттер планын иштеп чыкты.

Биз бардык өнөктөштөргө – өлкөлөргө жана эл аралык структураларга – биргеликте жүргүзүлгөн иш үчүн ыраазыбыз.

Кыргызстан тоолуу өлкөлөрдүн кеңири коалициясын түзүүнү жактайт.

Климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана «жашыл» экономикага өтүү бул келечектеги коалициянын башкы багыттарынын бири болот деп ишенебиз.

Белгилүү болгондой, 2022-жылы биздин өлкөнүн жана Италия Республикасынын демилгеси менен Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын «Тоолорду туруктуу өнүктүрүү» резолюциясы бир добуштан кабыл алынып, ага 110 мүчө-мамлекет биргелешип автор болду.

Бул документ 2023-2027-жылдарды Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин Беш жылдыгы деп жарыялады.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, биздин демилгени колдогондугу үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун бардык мүчө мамлекеттерине терең ыраазычылык билдирем.

Бириккен Улуттар Уюмунун резолюциясын андан ары ишке ашыруу максатында «Кыргыз Республикасында 2023-2027-жылдар мезгилин тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыкка кол койдум, ошондой эле «2023-2027-жылдар мезгилине тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын» ишке ашыруу боюнча улуттук «Жол картасы» иштелип чыкты, ал жакын арада кабыл алынат.

«Жол картасы» өзүнө глобалдык, регионалдык жана улуттук масштабдагы иш-чараларды, анын ичинде туруктуу өнүктүрүү максаттары боюнча учурда иштеп жаткан жана келечектүү долбоорлордун алкагында иш-чараларды камтыйт.

«Тоо беш жылдыгынын» жыйынтыктоочу этабы катары биз Кыргызстанда 2027-жылы, биринчи саммиттен 25 жыл өткөндөн кийин «Бишкек+25» Экинчи Глобалдык тоо саммитин өткөрүүнү пландаштырып жатабыз.

Ушул бийик трибунада туруп, бардыгыңыздарды жигердүү катышууга, тоо экосистемаларын сактоо үчүн конкреттүү салым кошууга чакырам.

Биз Тоолуу өлкөлөрдүн достор тобундагы өнөктөштөрүбүзгө, Глобалдуу тоо өнөктөштүктөгү досторубузга жана Бириккен Улуттар Уюмунун бүткүл системасына Кыргызстандын демилгелерин ар тараптан колдогондугу үчүн ыраазычылык билдиребиз. Мындан ары да биргелешкен жемиштүү кызматташууга даяр экенибизди билдиребиз.

Урматтуу айымдар жана мырзалар,

Алдыда турган чакырыктарды жана коркунучтарды чечүүдө ийгиликтүү алга жылуу үчүн биз жамааттык коопсуздуктун эффективдүү системасын курушубуз керек.

Бул механизмдин негизги элементи болуп Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши саналат.

Бүгүнкү күндө бул органды андан ары дагы адилеттүү жана өкүлчүлүктүү кылуу жана чечим кабыл алууда консенсуска жетишүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу үчүн анын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу мурдагыдан да актуалдуу болуп жатат.

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешин реформалоо боюнча сүйлөшүүлөрдө прогрессти камсыз кылуу зарыл.

Кыргызстан тынчтыкты натыйжалуу куруу, адам укуктарын урматтоо жана аялдардын тынчтык процесстерине бирдей катышуусу, өнүгүп келе жаткан, чакан, аз өнүккөн жана чакан арал өлкөлөрүнүн кызыкчылыктарын жылдыруу жана коргоо аркылуу тынчтыкты жана коопсуздукту сактоого өз салымын кошууга даяр экендигин билдирет.

Биз 2027-2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө өз талапкерлигибизди көрсөттүк жана урматтуу мүчө мамлекеттерден колдоо күтөбүз.

Мамлекеттер ортосундагы мамилелерде ишеним, тилектештик жана универсалдуулук сыяктуу принциптерди баарыбыз сакташыбыз керек. Ушундай гана жол менен биз глобалдык жана аймактык коопсуздук пайдубалын өз калыбына келтире алабыз.

Урматтуу Төрага мырза,
Кымбаттуу достор.

Бүгүнкү күндүн оорчулугу жана көйгөйлөрү жөнүндө сөз кылып жатып, залкар мекендешибиз Жусуп Баласагындын бир миң эки жүз жыл мурда айткан насаатын келтирейин: «Биздин дүйнө ушундай, чындыктын дарбазасын ачуу үчүн анын маңызына жет», деген экен.

Андан бери жер жүзүндө эч нерсе өзгөргөн жок. Дүйнөнү анын ар түрдүүлүгү жана татаалдыгы кандай болсо, ошондой кабыл алуу керек.

Биз, Бириккен Улуттар Уюмунун мүчө-мамлекеттери, биздин Уюмду чыр-чатактарды алдын алуу, компромисске жетүү борборуна айландыруу, тынчтыкты жана ынтымакты орнотуу үчүн бардык күч-аракетибизди көрүшүбүз керек.

Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат».

Пикир

Оставить комментарий