• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто кызамык жана кызылчага каршы эмдөө өнөктүгү башталды

Аймак 0

Бишкек, 20.09.23. /Кабар/. Ош шаарында, 18нен 29-сентябрга чейин 9 айлык балдардан баштап 8 жашка чейинки балдар арасында кызамык оорусуна каршы кошумча эмдөө өнөктүгү башталды.

Ош шаардык мэриясынан кабарлашкандай, бул боюнча күн мурун маалыматтык жыйын өтүп, ага Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүм башчысы Н. Закиров, Ош шаарынын саламаттыкты сактоо координатору Э.Нурумбетов, ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысы С. Ванчинкху, Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Г. Ишенапысова, шаардык билим берүү бөлүмүнүн жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун өкүлдөрү катышты.

Жыйында кызамык жана кызылчага каршы кошумча эмдөө өнөктүгүнүн башталышы, Ош шаарынын ҮМБ боюнча иш-чараларына колдоо көрсөтүү боюнча сүйлөшүлүп, бүткүл дүйнөдөгү кызамык, кызылча илдеттери боюнча жалпы маалымат берилди.

Белгилей кетсек, эмдөө өнөктүгү, кызамык илдетинин келип чыгышын аныктоо жана жайылышына бөгөт коюу максатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюуму (ДСУ) жана ЮНИСЕФтин демилгеси менен Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй, Ош облустарында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин “Кызамык жана кызылча оорусуна кошумча эмдөө кампанияларын жүргүзүү жөнүндөгү” буйругунун негизинде аткарылууда.

Учурда Ош шаарындагы мектептерде жана бала бакчаларда эмдөө иштерин жүргүзүү үчүн 61 мобилдик топ уюштурулган.

Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кампасына 2023-жылдын 12-сентябрында жалпысынан 83000 доза ККВ вакцинасы келип түшкөн.

Пикир

Оставить комментарий