• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров Татарстандын башчысы Рустам Минниханов менен жолугушту

Президент 0


Бишкек, 21.02.24./Кабар/. Президент Садыр Жапаров Казань шаарында «Келечек оюндары» биринчи эл аралык мультиспорттук мелдешинин алкагында Россия Федерациясынын Татарстан Республикасынын башчысы Рустам Минниханов менен жолугушту.

Садыр Жапаров жолугушуунун алдында Казань Кремлиндеги ардактуу меймандар китебине жазуу калтырды.

Тараптар Кыргызстан жана Татарстандын ортосундагы эки жактуу кызматташтыкты тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө тийиштүү маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты.

Президент Садыр Жапаров жана Татарстандын башчысы Рустам Минниханов өз ара аракеттешүүнүн азыркы деңгээлине канааттангандык билдиришип, өнөктөштүк мамилелерди мындан ары да өнүктүрүүгө даярдыктарын белгилешти.

Кызматташтыктын соода-экономикалык алакалар, илимий-техникалык кызматташуу жана маданий-гуманитардык байланыштар сыяктуу аспектилерине өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар долбоорлорду натыйжалуу ишке ашырууну камсыз кылуу жана өнөктөштүктүн мындан аркы өнүгүшүн өбөлгөлөө үчүн Жол карталарын жаңыртуу маанилүүлүгүн баса көрсөтүштү.

Ошондой эле Садыр Жапаров жана Рустам Минниханов Кыргызстан жана Татарстан элдеринин ортосунда маданий алакаларды чыңдоо, спорт жана маданият жаатында тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгү тууралуу бирдиктүү пикирлерин билдиришти. Буга байланыштуу 2024-2025-жылдары өз ара Маданият күндөрүн өткөрүү чечими кабыл алынды.

Президент Садыр Жапаров Рустам Миннихановду салттуу спорт түрлөрүн жана киберспорт, робототехника жана жасалма интеллект тармагындагы алдынкы идеяларды бириктирүүнүн көрсөткүчү болгон «Келечек оюндары» биринчи эл аралык спорттук турнирин ийгиликтүү уюштурушу менен куттуктады.

Жолугушуунун соңунда тараптар бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын жана Татарстан Республикасынын ортосундагы конструктивдүү диалогду улантууга түрткү берерин баса белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий