• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент Садыр Жапаров Татарстанга келди

Президент 0

Бишкек, 20.02.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-февралда, Россия Федерациясына иш сапарынын алкагында Татарстанга келди.

Мамлекет башчысынын борту Казань шаарындагы Г.Тукай атындагы эл аралык аэропортуна конду. Садыр Жапаровду Татарстандын башчысы Рустам Минниханов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Эске сала кетсек, Садыр Жапаров «Келечек оюндары» эл аралык спорттук мелдештеринин расмий ачылыш аземине катышат.

Чет мамлекеттердин бир катар башчыларынын, көрүнүктүү эл аралык жана коомдук ишмерлердин, ири IT компаниялардын жетекчилеринин катышуусу күтүлүүдө.

Мындан тышкары иш-чаранын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Россиянын президенти Владимир Путин жана Татарстандын башчысы Рустам Минниханов менен эки тараптуу жолугушуулары өтөт.

Пикир

Оставить комментарий