• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Президенттин иш башкармасы менен Жогорку Кеңештин иш башкармалыгы бирикти

Президент 0

Бишкек, 02.12.21. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын ишин материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоону өркүндөтүү жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Жарлык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын ишин материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоо системасын оптималдаштыруу жана өркүндөтүү максатында жарыяланды.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын президентинин Иш башкармасынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгынын базасында Кыргыз Республикасынын президентинин Иш башкармасы түзүлөт.

Кыргыз Республикасынын президентинин Иш башкармасы Кыргыз Республикасынын президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин, Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин аппаратынын ишин материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоону жүзөгө ашырат.

Пикир

Оставить комментарий