• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткенде Халал эт паркын жайгаштыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 02.12.21. /Кабар/. Баткенде Халал эт паркын жайгаштыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруф Тулаев жана өкүлдүн орун басары Жаныбек Исаков Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү менен Малайзия өлкөсүнөн келген эксперттерди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Малайзиянын эт халал паркы боюнча консорциумунун алгачкы долбоору туурасында айтылып, Баткен облусунда Халал эт паркын жайгаштыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Ошондой эле Баткен жана Кадамжай райондорунун мал чарбачылыгын өнүктүрүү багытында иш алып баруу боюнча да сөз болду.

Анын максаты — аймакта халал индустрия паркын түзүү, тактап айтканда мал чарбачылыгын өстүрүү менен мал жандыктарынын продукцияларын реализациялоо болуп саналат.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын 6-апрелинде Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын жана жеке секторду өнүктүрүү боюнча Ислам корпорациясынын ортосундагы макулдашууларга кол коюлган. Макулдашуунун алкагында Малайзиялык өкүлдөр аймакта халал эт паркын түзүү үчүн техникалык-экономикалык негиздемени даярдоо боюнча иш аракеттердин биринчи аракетин көрүшүүдө.

Пикир

Оставить комментарий