• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент УКМКга мамлекеттик кызматкерлердин диплом, күбөлүк жана сертификаттарын текшерүүнү тапшырды

Коом 0

Бишкек, 20.01.22. /Кабар/. Бардык деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлердин билими тууралуу жасалма дипломдору жана чет мамлекеттердин жарандыгы жок экендиги текшерилет. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

УКМКнын билдирүүсүндө айтылгандай, акыркы жылдары мамлекеттик кызматкерлердин билими тууралуу жасалма дипломдор менен мамлекеттик кызматка өтүү фактылары көбөйгөнү байкалууда.

Мындай фактылар коомдо активдүү талкууга айланып, мамлекеттик кызматка көлөкө түшүрүп, мамлекеттик башкаруунун бүткүл системасын дискредитациялап, көп учурда айрым ведомстволордун да, жалпы мамлекеттик аппараттын да ишинин оң натыйжаларын терс жагынан көрсөтүп коюуда.

Буга байланыштуу резидент Садыр Жапаров УКМКга бардык деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлердин арасында билими тууралуу жасалма диплом, күбөлүк жана сертификаттардын болушу жана колдонулушу боюнча масштабдуу текшерүү жүргүзүүнү тапшырды.

2022-жылдын 24-январында башталып 3 айга созула турган бул текшерүүнүн алкагында бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин өздүк иштери жана билими бар экендиги тууралуу документтери текшерилет.

Пландалып жаткан текшерүү райондордун жана облустардын айыл аймактарынын башчыларын, министрликтердин жана ведомстволордун, алардын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн деңгээлиндеги мамлекеттик органдардын кызматкерлерин жана жетекчилерин, министрлер кабинетинин мүчөлөрүн, президенттин аппаратынын кызматкерлерин, жергиликтүү жана шаардык кеңештеринин депутаттарын, Жогорку Кеңештин депутаттарын, ошондой эле укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарынын кызматкерлерин камтыйт.

Демилгеленген текшерүүнү эске алуу менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билими тууралуу жасалма документтери бар бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди, бардык деңгээлдеги депутаттарды ээлеген кызматын өз алдынча бошотуу маселесин кароого чакырат.

Эгерде мамлекеттик кызматка кирүү жана кызматтык тепкичке көтөрүлүү үчүн жасалма документтерди колдонуу боюнча тиешелүү фактылар аныктала турган болсо, колдонуудагы мыйзамдардын чегинде кылмыш-жаза жоопкерчилигине чейин тартуу каралат.

Бул текшерүү аяктагандан кийин КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети анын жыйынтыгы жана билими тууралуу жалган документтерди колдонуунун аныкталган фактылары жөнүндө коомчулукка маалымат берет.

Пикир

Оставить комментарий