• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Президент Жээнбеков Майыптардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жолдоду

Президент 0

Бишкек, 03.12.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-декабрда, Майыптардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жолдоду, - деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти:

«Урматтуу мекендештерим!

Бүгүн дүйнө коомчулугу менен бирге Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын эл аралык күнүн белгилейбиз.

Мамлекетибиз — аярлуу адамдарга колдоо көрсөтүп, алардын окуусуна, жашоосуна, эмгектенишине, маданий талаптары аткарылышына зарыл шарттарды түзүп берүүгө жана укуктарынын сакталышын, социалдык жактан корголуусун, коом турмушуна оңой катышуусун камсыздоого умтулууда.

Мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды окутуп, алардын руханий өнүгүшүнө жагымдуу шарттарды түзүү үчүн талыкпай эмгектенип жаткан ата-энелерге жана социалдык мекемелердин кызматкерлерине терең ыраазычылык билдирем.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарыбызга жардам көрсөтүү — мамлекетибиздин мындан ары дагы артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп кала берет.

Быйыл Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун ушул багыттагы конвенциясын ратификациялады.

Коргоого муктаж жарандарыбызга ар тараптан жардам көрсөтүү — мамлекеттик органдар менен бирге, жалпы коомубуздун милдети экенин унутпайлы.

Тагдырдын кыйынчылыктарын жеңип, асыл максаттарга умтулуу менен жашап келе жатышкан кайраттуу мекендештерибизге ден соолук, кажыбас кайрат, бакубат жашоо каалайм.

Жараткан Кудай сиздерди колдосун!»

Пикир

Оставить комментарий