• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Президент Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөдү (сүрөт)

Президент 0

Бишкек, 27.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында сүйлөдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө өлкөнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков улуттук долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруу үчүн бардык бийлик бутактарын биргелешип иштөөгө чакырды. Ал коррупцияга каршы күрөш, бюджет, салык, бажы чөйрөлөрүндө натыйжалуу мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана сот реформасын ишке ашыруу маселелерине өзгөчө токтолду.

Жолдорду жана инфраструктуралык объектилерди курууну, билим берүү жана саламаттык сактоо системаларын реформалоону улантуу зарылдыгы белгиленди.

Мамлекет башчысы коррупцияга каршы күрөшүү маселелерине өзгөчө көңүл бурду. «Антикоррупциялык күрөшкө жамынып алып саясий атаандаштардан өч алууга жол берилбейт. Бул күрөш эч качан саясий өңүттө болбойт, ал мыйзам бузууларга, экономикалык кылмыштуулукка каршы жүргүзүлөт», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков жакында анын демилгеси боюнча ачылган коррупцияга каршы күрөштүн жүрүшүндө түшкөн акча каражаттары үчүн атайын банк эсебине басым жасады. «Мамлекеттин, элдин ырыскысын уурдагандар эртедир-кечтир элдин ырыскысын кайтарат! Өкмөт менин сунушум менен атайын эсеп ачты. Бул эсепке Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат коррупцияга каршы күрөштүн жүрүшүндө өндүргөн акчаны которушат».

Сөзүнүн аягында Мамлекет башчысы парламент депутаттарына шайлоочулар менен жолугушуулардын жемиштүү болушун каалады.

Пикир

Оставить комментарий