• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Путин чет өлкөлүктөргө жашап туруу укугун берүүнү жөнөкөйлөштүрүүнү тапшырды

Дүйнө 0

Бишкек, 27.06.18. /Кабар/. Орусиянын президенти Владимир Путин Ички иштер жана Эмгек министрликтерине орус тилин билген жана Орусиянын аймагында жашоону каалаган чет өлкөлүктөргө, ошондой эле жарандыгы жок адамдарга убактылуу жашоо жана жашап туруу укугун берүү тартиптерин жөнөкөйлөштүрүүнү тапшырды. Мамлекет башчынын тиешелүү тапшырмасы 26-июнда Кремлдин сайтына жарыяланды.

«Ички иштер министрлиги Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги менен биргеликте орус тилин билген жана Орусиянын аймагында жашоону каалаган чет өлкөлүктөргө, ошондой эле жарандыгы жок адамдарга убактылуу жашоо жана жашап туруу укугун берүү тартиптерин жөнөкөйлөштүрүү боюнча тиешелүү чараларды көрсүн», — деп жазылган билдирүүдө.

Анда тапшырма быйыл 31-августка чейин аткарылышы керектиги белгиленген.

Буга чейин өлкөнүн ИИМ башчысынын орун басары Игорь Зубов мекеме Орусия жарандыгын алуу жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүүнүн үстүнөн жигердүү иштеп жатканын билдирген. Анда жергиликтүү басылмалар бул биринчи кезекте «Украина аймагынан келген качкындарга» тийиштүү болорун жазышкан.

Пикир

Оставить комментарий