• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Президент жергиликтүү сотторго бир катар судьяларды дайындады

Кадр саясаты 0

Бишкек, 14.10.21. /Кабар/. Судьяларды тандоо боюнча кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун дарегине Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынын жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялык кызмат орундарына (өз орундарына) 7 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн.

Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен Президент Садыр Жапаров судьялык кызматка дайындоо үчүн бардык 7 талапкер боюнча Кеңештин сунуштары менен макул болду.

Мамлекет башчынын аталган 7 талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө жарлыктары кабыл алынып, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди:

– Нарын облусу:

Ак-Талаа райондук сотуна:

Доулбеков Азат Азейинкулович;

Кочкор райондук соту:

Султаналиев Медел Керимжанович;

– Ысык-Көл облусу:

Ысык-Көл райондук сотуна:

Жумаев Токтогул Темиркулович;

Каракол шаардык сотуна:

Ниязалиев Самар Анарбекович;

– Чүй облусу:

Аламүдүн райондук сотуна:

Жумаков Жаныбек Темирбекович;

– Бишкек шаары:

Ленин райондук сотуна:

Бердыбаев Бакбуркан Асанканович;

Свердлов райондук сотуна:

Айдыралиева Айсейил Абдыкадыровна.

Пикир

Оставить комментарий