• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Президенттин администрациясында кадрдык дайындоолор болду. Жарлыкка Жапаров кол койду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 18.10.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын башкармалыктарынын начальниктерин дайындоо жөнүндө Жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жарлыктарга ылайык:

— Укушов Мурат Каниметович Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальниги;

— Эргешов Алтынбек Калдарович Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги;

— Кожоналиев Кубатбек Азатович Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын начальниги;

— Исанов Алмаз Насирдинович Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги болуп дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий