• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиеванын өмүр баяны

Кадр саясаты 0

Бишкек, 13.01.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын түзүмүндө өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Жарлыкка ылайык, маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы жана Кыргыз Республикасынын басма сөз катчысы кызматтары экиге бөлүндү.

Стамалиева Толгонай Турдалиевна Кыргыз Республикасынын президентинин басма сөз катчысы болуп дайындалды.

Өмүр баяны.

Толгонай Стамалиева 1975-жылы туулган.

Жогорку билимдүү, 1998-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин «журналистика» адистигин аяктаган.

Эмгек жолу 1998-жылы «Кабар» Кыргыз улуттук маалыматтык агенттигинде башталып, анда 2002-жылга чейин иштеген.

2002-2005-жж. Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын Аппаратынын басма сөз кызматында консультант, улук консультант кызматында иштеген.

2005-2006-жж. — Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комитетинин маалыматтык-аналитикалык бөлүмүнүн башчысынын орун басары — басма сөз кызматынын жетекчиси.

2006-2007-жж. — Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматында референт.

2007-2009-жж. Эл аралык «Манас» аэропортунун басма сөз катчысы, тышкы байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси.

2009-2010-жж. — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын басма сөз кызматынын жетекчисинин орун басары, 2010-2011-жж. — Жогорку Кеңештин Аппаратынын басма сөз кызматынын жетекчиси.

2011-ж. — КР БШК төрагасынын жардамчысы, КР БШК маалыматтык-аналитикалык бөлүмүнүн башчысы.

2012-2015-жж. — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын басма сөз кызматынын жетекчиси.

2015-2016-жж. — Кыргыз Республикасынын Президентинин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары.

2016-2017-жж. — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы.

2017-ж. — Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Сооронбай Жээнбековдун басма сөз катчысы.

2017-жылдын ноябрь айынан тартып — Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз-катчысы — Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы.

«Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы Мамлекеттик кеңешчиси» класстык чинине ээ.

2014-ж. «Басма сөздү жана маалыматты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн» КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясынын ардактуу белгиси менен сыйланган.

2015-ж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардактуу грамотасы менен сыйланган.

2006-2009-жж. негизги ишин Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде «Коомчулук менен байланыш» багыты боюнча сабак берүү менен айкалыштырган.

Пикир

Оставить комментарий