• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Президенттин аппаратынын социалдык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Ташпаеванын өмүр баяны

Кадр саясаты 0

Бишкек, 13.01.20. /Кабар/. Назгүл Ташпаева Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын социалдык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Тиешелүү Жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Ташпаева Назгүл Аскеровна - 1973-жылы туулган.

Жогорку билимдүү, 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык университетинин «педиатр» адистигин, 2009-жылы — Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын аяктаган.

Эмгек жолун 1997-жылы Акушер жана педиатрия Кыргыз илимий изилдөө институтунда баштап, анда 1998-жылга чейин эмгектенген.

1998 — 2003-жж. — врач, Адамдын репродукциясы боюнча кыргыз илимий борборунда медико-социалдык жардам бөлүмүнүн башчысы.

2003 — 2006-жж. — КР Президентине караштуу аялдар, үй-бүлө жана гендердик өнүктүрүү маселелери боюнча Улуттук кеңештин катчылыгынын эксперти.

2006 — 2007-жж. — КР Президентинин Администрациясынын стратегиялык өнүктүрүү жана экспертиза бөлүмүнүн экономикалык жана социалдык экспертиза секторунун эксперти.

2007 — 2007 –жж. — КР Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү жана маалымат башкармалыгынын башчысы.

2007 — 2009-жж. — КР Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы.

2009 — 2009-жж. — КР эмгек жана социалдык коргоо министри.

2009 — 2010-жж. — КР Өкмөтүнүн алдындагы социалдык камсыздоо мамлекеттик агенттигинин директору.

2010 — 2018-жж. — Кыргыз Республикасындагы ЮНИСЕФ өкүлчүлүгүнүн, ПРООН, ДСУ өкүлчүлүгүнүн КРдеги эксперти, топтун жетекчиси.

2018 — 2020-жж. — Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн башчысы.

«3-класстагы мамлекеттик кызматтын кеңешчиси» класстык чини бар.

Пикир

Оставить комментарий