• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Профсоюздар федерациясы мыйзамсыз тартылып алынган Ысык-Көлдөгү жерди кайтарып берүүнү суранууда

Коом 0


Бишкек, 30.01.18. /Нуркыз Сабырова - Кабар/. Кыргызстандын профсоюздар федерациясы (КПФ) өлкө бийлигине кайрылып, Ысык-Көлдүн жээгинде мыйзамсыз жол менен тартылып алынган жерлерди кайтарып алууда жардам сурайт. Мындай кайрылуу менен КПФнын өкүлдөрү бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында чыгышты.

КПФ “Кыргызкурорттуризм” башкармалыгынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси Бакытжан Етекбаев билдиргендей, “Ысык-Көл” санаториясынын бул жерлери КПФна туризм тармагын өнүктүрүү үчүн Кыргыз ССР министрлер кеңешинин чечими менен бөлүнгөн.

“Ал эми райондук мамлекеттик администрация, жер тилкеси боюнча кодексти бузуп, жер тилкесин бөлүп, Т.Узакманованын жеке менчигине өткөрүп берген”,-деп түшүндүрдү Етекбаев.

Ал билдиргендей, кылмыш иши козголгондон кийин гана райадминистрациянын мындай токтомун угушкан. Анын айтымында, териштирүүдө бул фактылар ачыкталган эмес.

“Ишти сотко өткөрүп беришкен жана Узакманова башында күбө катары гана болгон. Ал райадминистрациянын токтому боюнча ошол кезде жердин ээси болгон фактыны жашырган. Биз бул тууралуу сотко болгон кайрылуудан улам билдик”,-деп кошумчалады Етекбаев.

Коомдук башталыштар боюнча КПФнын төрагасынын орун басары Канатбек Осмонов билдиргендей, 2004-жылдан бери аталган факт боюнча териштирүү иштери жүрүүдө. Анын айтымында, Узакмановага “Кыргызкурорттуризм” башкармалыгынын мурдагы төрагасы Кадыр Темиралиев саткан. Ал эми Узакманова болсо соттук териштүү жүрүп жаткан мезгилде жерди Т. Шамшикеевге саткан.

“Шамшикеев өз кезегинде соттук териштирүүнүн жүрүшүндө 9 жеке жактарга саткан. Алар жөн гана жалдангандар да болушу мүмкүн, себеби ушул убакыттын ичинде бирөө да соттук процесске келген жок. Бул соттук териштирүү абдан узак мөөнөткө созулду. Биз соттук териштирүүнүн үчүнчү айлампасында жүрөбүз. Буга чейин эки соттук айлампа болуп, бардык соттук инстанциялар КПФга жерлерди кайтарып берүү чечимин кабыл алышкан”,-деди Осмонов.

Бирок 2017-жылдын аягында Т.Шамшикеев жаңы жагдайлар боюнча сотко кайрылган. Осмоновдун айтуусунда, алардын бардыгы жасалма болуп саналат.

“Ал жерде жаңы эч нерсе ачылган жок, бирок алар сотко кайрылышты. Биринчи соттук инстанцияны биз уттук. Бирок экинчи инстанцияда Ысык-Көл облусунун соттук коллегиясы эч кандай жүйөөсүз эле алардын пайдасына чечим чыгарып койду”,-дейт Осмонов.

“Кыргызкурорттуризм” башкармалыгынын жетекчисинин м.а. Калыбек Өмүралиев билдиргендей, эс алуу жайынын айланасында коттедждер бар, бүгүнкү күндө алар бош.

Пикир

Оставить комментарий