• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Программисттер жаштарды окутат. Ошто мартта IТ-мектеп ачылат

Аймак 0

Бишкек, 26.02.19. /Кабар/. Ош шаарында мэриянын колдоосу менен IT-мектеп ачылууда. Мектепте чет өлкөлөрдөн тажрыйба алып келген жергиликтүү программисттер жаштарды окутуп, даярдашат. Мындай демилгени ПРООН, GIZ сыяктуу эл аралык уюмдар да колдоого алып, шаардык мэрия тарабынан IT-мектеп үчүн имарат берилди.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүнкү күндү имараттын ичин оңдоо иштери жүрүүдө.

"Донордук уюмдар техникалык, консультативдик жана тажрыйба алмашуу жагынан колдоо көрсөтүнү колго алышкан. Мындан тышкары Программа түзүүчүлөр ассоциациясы жана Жогорку технологиялар паркынын дирекциясы да ар тараптан колдой тургандыгын билдирип, бул жаатта кызматташуу боюнча атайын меморандумга кол коюлду. Долбоор президент С.Ш. Жээнбеков тарабынан жарыяланган “2019-жыл - аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын” алкагында ишке ашууда", - деп айтылат маалыматта.

Ош шаарындагы IT-мектеп тарабынан заман талаптарына ылайык жаңы маалыматтык технологиялар жаатындагы адистер даярдалып, өлкөнү санариптештирүү үчүн жакшы өбөлгө түзүлмөкчү. Мектеп март айында пайдаланууга берилет.

Пикир

Оставить комментарий