• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абадда 3 млн 195 миң сомдук кыймылсыз мүлк мамлекетке кайтарылды

Аймак 0

Бишкек, 02.02.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда 3 млн 195 миң сомдук кыймылсыз мүлк мамлекетке кайтарылды.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук прокуратурасы тарабынан КРнын Жер кодексинин талаптарын бузуу фактысы аныкталган.

Белгиленгендей, Токтогул поселкалык өкмөтүнүн 2007-жылдагы токтому менен муниципалдык менчиктеги жалпы 0,24 га жер аянтын ээлеген гараж Т.И. аттуу тургундун жеке менчигине берилип кеткен.

Райондук прокуратуранын сотко келтирилген доо арызы менен 3 млн 195 миң сомдук бул кыймылсыз мүлк мэриянын муниципалдык менчигине кайтарылды.

Пикир

Оставить комментарий