• 88.68
  • 95
  • 0.95

Токтогулда вакциналарды сактоочу кампа ачылды

Аймак 0

Бишкек, 26.12.23. /Кабар/. Токтогул шаарындагы Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык көзөмөл борборунун вакцина сактоочу кампасынын курулушу аяктады.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, кампанын курулушу Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун алкагында ишке ашты.

Вакцина кампасы абаны эффективдүү желдетүү үчүн желдетүү системасы, жылытуу батареялары жана суу жылыткыч менен жабдылган. Мындан тышкары, анда жаңы электр менен камсыздоо системасы, коопсуздук жана өрт өчүрүү системасы орнотулду.

Жаңы кампанын имараты бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарга, ошондой эле “муздак чынжыр” талаптарына (белгиленген температуралык шарттар жана сактоонун башка шарттары) жооп берет.

Жаңы кампанын курулушу менен саламаттык сактоо уюму өзгөчө температуралык шарттарды талап кылган вакциналарды сактоого мүмкүнчүлүк алды.

«Инфекциянын жайылышын алдын алууда вакциналар негизги ролду ойнойт. Вакциналарды туура сактоонун маанилүүлүгү, өзгөчө муздак чынжырдын талаптарына ылайык, алардын натыйжалуулугун жана коопсуздугун камсыз кылат. Вентиляция, жылытуу, электр менен камсыздоо жана коопсуздук системалары бар атайын кампаларды орнотуу вакциналарды сактоо үчүн оптималдуу шарттарды сактоого жардам берет, бул эмдөө программаларын ийгиликтүү ишке ашыруу жана калктын ден соолугу үчүн өтө маанилүү”, - деп белгиледи ачылыш аземге катышкан саламаттык сактоо министринин орун басары, башкы мамлекеттик санитардык дарыгер Бүбүжан Арыкбаева.

Долбоордун максаты - КР өкмөтүнө тиешелүү алдын алуу иш-чараларын камсыз кылуу, дары-дармектерди, керектелүүчү материалдарды жана медициналык жабдууларды сатып алуу, ошондой эле саламаттык сактоо уюмдарындагы шарттарды жакшыртуу аркылуу COVID-19 пандемиясына каршы аракеттенүү жөндөмдүүлүгүн күчөтүүгө көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий