• 88.68
  • 95
  • 0.95

Келечек конушунда жаңы кичи футбол аянтчасы ачылды

Коом 0

Бишкек, 26.12.23. /Кабар/. Бишкектин Келечек конушунда кичи футбол аянтчасынын ачылыш аземи өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, футбол аянтчасынын жалпы аянты 968 чарчы метрди түзөт.

Ачылыш аземге Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов, Свердлов районунун башчысы Алтынбек Кутманов, Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Абдыжапаркул Жанболотов жана конуштун тургундары катышты.

Иш-чаранын алкагында футбол боюнча мелдеш өткөрүлүп, ага 6 команда катышты: "Ак Бата", "Бакай-Ата", "Келечек-1", "Келечек-2", "МТУ-18", "Ак-Тилек".

Мелдештин жыйынтыгында төмөнкү командалар жеңди:

  • 1-орун - " Келечек-2 "(30 миң сом);
  • 2-орун - " МТУ-18 "(20 миң сом);
  • 3-орун - " Ак-Тилек "(10 миң сом.

Ошондой эле мыкты оюнчуга, мыкты дарбазачыга жана мыкты чабуулчуга акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий