• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

ОшМУда Индиянын Дивали майрамы белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 26.10.22. /Кабар/. Күн мурун, 25-октябрда Ош мамлекеттик университетинде (ОшМУ) Индиянын Дивали майрамы белгиленди. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, майрамдык иш-чара ОшМУнун Эл аралык медицина факультетинде өтүп, ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалаов, Ош шаарынын вице-мэри Марс Исаев, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков баштаган профессордук-окутуучулук курам жана студенттер катышты.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов куттуктоо сөзүндө Кыргызстанда Индиядан келген миңдеген студенттер билим алып жатканын айтты. Андан сырткары, индиялыктар Дивали майрамында жакшылыктын жамандыкты, жарыктын караңгыны жеңген күнү караты белгилей тургандыгын, бул майрамда биздин өлкөнүн жогорку окуу жайларын тандаган индиялык жаштар менен жакындан таанышууга, достошууга мүмкүнчүлүк жараларын кошумчалады.

Иш-чаранын кийинки бөлүгү Индиянын жарык фестивалына арналган концерт программа менен коштолду. Анда студенттер өз өлкөсүн даңазалаган ыр-бийлерди аткаруу менен кыргыз элинин улуттук бийлерин бийлешип, патриоттук сезимдерди козгогон ырларын ырдашты. Индиянын улуттук кийимдерин кийген улан-кыздар фестивалга өзгөчө көрк тартуулашты.

Дивали индустардын эң чоң улуттук майрамдарынын бири. Майрам беш күн катары менен белгиленет, үчүнчү күн эң маанилүү деп эсептелинет, ушул убакта Жарык фестивалы өтөт.

Пикир

Оставить комментарий