• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бүгүндөн тарта Бишкекте жылуулук бериле баштады

Коом 0

Бишкек, 26.10.22. /Кабар/. Бишкек мэриясынын буйругуна ылайык, бүгүн, 26-октябрдан тарта шаар тургундарына жылуулук бериле баштады. Бул тууралуу "Бишкекжылуулуктармагы" ААКсынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, шаардагы баардык объекттерди жылуулукка кошуу бир нече күнгө созулат. Биринчи кезекте жылуулук мектеп, оорукана, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине берилет. Андан кийин жылуулук, карызы жок турак жайларга, өндүрүш ишканаларына жана мекемелерге берилет. Ал эми карызы бар мекемелерге жылуулук акыркы болуп берилет.

Жылуулук келбесе же авария болгон учурда төмөнкү телефондор аркылуу кайрылууга болот:

Керектөөчүлөрдү колдоо борбору: (0312) 61-11-69, 1980 же 0557 61-11-66, 0777 61-11-66, 0701 61-11-66;
Диспетчердик кызмат: 56-85-58;
Борбордук райондун нөөмөт инженерлери: 36-57-19, 30-07-67;
Түштүк районунун нөөмөт инженерлери: 51-06-22, 21-74-06.

Пикир

Оставить комментарий