• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

ПРООН Баткенде эки чоң стратегиялык долбоорду ишке ашырат

Аймак 0

Бишкек, 10.04.23. /Кабар/. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев ПРООНдун Кыргызстандын туруктуу өкүлүнүн орун басары Моника Ризал менен жолукту.

Өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, бүгүн, 10-апрелде өткөн жолугушууда тараптар Баткен облусу менен ПРООНдун ар тараптуу кызматташтыгы тууралуу маселелерди кенен талкуулашты. Өзгөчө экономикалык туруктуулукка басым жасоону кубатташты.

"ПРООН мындан ары да Баткен облусунун өнүгүүсүн толугу менен колдойт. Биз алдыда эки чоң стратегиялык планды ишке ашырабыз. Биринчиси Баткен облусуна комплекстүү жардам берүү. Ал эми экинчиси, жашыл климат долбоору - айыл чарба багытында суу көйгөйлөрүн камтыйт", - деп белгиледи өз сөзүндө Моника Ризал.

Ал эми облус башчысы Абдикарим Алимбаев Баткен облусун 2035-жылга чейин өнүктүрүү программасы кабыл алынганын, аны ишке ашырууда ПРООН менен тыгыз кызматташтыкта иш алып баруу максатталганын айтты. Ал программанын алкагында аймактагы адистердин кесиптик дареметин жогорулатуу, инвестициялык форумдарды өткөрүү, эксперттердин колдоосун тартуу зарылдыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий