• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Казакстандын 4 жараны бүлдүркөн терип жүрүп Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз өтүп кеткен

Аймак 0

Бишкек, 21.08.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Казакстандын 4 жараны кара бүлдүркөн терип жүрүп Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз өтүп кеткен. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Чек ара кызматынан белгилешкендей, Казакстандын ал жарандары 20-август күнү Чүй облусунда кармалышкан.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин алар УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий