• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Баткенде 2,1 млн сомго бааланган жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Аймак 0

Бишкек, 29.11.22. /Кабар/. Баткен облустук прокуратурасы Баткен шаардык мэриясынын 2008-жылдагы токтому менен 0,15 гектар жер тилкеси мыйзамсыз түрдө Э.У. аттуу жарандын жеке менчигине бөлүнүп берилгендигин аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган жер тилкеси боюнча прокуратура сотко доо менен кайрылып, жыйынтыгында жер тилкенин укук белгилөөчү жана укук ырастоочу иш кагаздары жараксыз деп табылган.

Областтык прокуратура тарабынан Баткен шаардык мэриясына келтирилген прокурордук актынын кароонун жыйынтыгында, жалпы 2 млн 100 миң сомго бааланган жер тилке муниципалдык менчиктин эсебине кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий