• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Оштогу жер үстүнөн өтүүчү өтмөктө тесттик режимде лифттер иштей баштады

Аймак 0

Бишкек, 20.09.23./Кабар/. Ош шаарынын А. Масалиев менен А. Навои көчөлөрүнүн кесилишиндеги жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү өтмөктө 4 лифт тесттик режимде ишке киргизилди.

Ош шаардык мэриясынан билдиришкендей, лифттер мүмкүнчүлүгү чектелген жана улгайган жарандарга каралган.

Сыноо мөөнөтү 10 күн.

Ош мэриясы шаар тургундарынан жана конокторунан өтмөктөгү лифтти колдонууда белгиленген гана жарандардын чыгып-түшүү тартибин так сактоону суранат.

Пикир

Оставить комментарий