• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында 150 орундуу бала бакчанын курулушу уланууда

Аймак 0

Бишкек, 05.10.23./Кабар/. Жалал-Абад шаарынын Чыңгыз Айтматов аймактык башкаруусунда 150 орунга ылайыкташкан типтүү бала бакчанын курулушу уланууда.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, бала бакчанын имараты эки кабаттан туруп, 48 сотых жер аянтына курулууда. Мектепке чейинки билим берүү мекемеси жыл аягына чейин бүткөрүлөт.

Бала бакчанын сметалык баасы 97 млн сомду түзөт. Курулуш республикалык бюджеттен Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд сомдун эсебинен каржыланууда.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында учурда 26 муниципалдык бала бакча бар.

Пикир

Оставить комментарий