• 88.68
  • 95
  • 0.95

Догдуркүл Кендирбаева мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Коом 0

Бишкек, 05.10.23./Кабар/. Бүгүн, 5-октябрда билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Догдуркүл Кендирбаева мугалимдерди кесиптик майрамы – КР билим берүү кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрдин милдетин аткаруучусунун куттуктоосунда мындай деп айтылат:

"Ардактуу мугалимдер, кадырлуу билим берүү кызматкерлери, кесиптештер!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктаймын!

Мугалим деген улуу атты – адамдарды чексиз сүйгөн, боорукердик менен акылмандыкты айкалыштырган, тазалык менен адамгерчиликтин үлгүсүн көрсөткөн инсандар алып жүрүшөт.

Коомчулук ар дайым мугалимге жогорку адеп-ахлакты, маданиятты жана билимди алып жүрүүчү катары өзгөчө сый мамиле жасап келген.

Сиздер бүтүндөй өмүрүңүздөрдү, жаштарга терең билим татыктуу тарбия берүүгө арнап келе жатасыздар. Ушул баа жеткис эмгегиңиздер үчүн мен ар бириңиздердин колуңуздарды кысып, терең ыраазычылык билдиремин.

Кыргызстандын билим берүү системасы өзөгүндөгү кайталангыс улуттук баалуулуктарын, кайталангыс улуттук өзгөчөлүгүн сактоо жана өнүктүрүү менен дүйнөдөгү билим берүү процессиндеги жаңылыктарга, технологияларга ачык болушу зарыл. Ошону менен бирге бүгүнкү күндө мугалимдер заманбап, ар тараптуу жана активдүү окуучулардан артта калбай өзүн дайыма өркүндөтүп турушу керек. Бизде улуу муун өсүп келе жатат алар демилгелүү, чыгармачыл, жаңы жетишкендиктерге даяр.

Биздин мойнубузга чоң жоопкерчилик жүктөлгөн. Адамдарды ар тараптуу өнүктүрүү, алардын мыкты жаран, мыкты кесиптин ээси болуусу, мамлекетибиздин өсүп өнүгүшүнө таасирдүү салым кошушу мугалимдердин эмгеги менен түздөн-түз байланыштуу.

Урматтуу мугалимдер,

Мугалимдик кесибиңиздер жаңы ийгиликтерди, кубанычтарды алып келсин. Мен сиздер менен бардык кыйынчылыктарды, тоскоолдуктарды бирге жеңээрибизге ишенемин. Сиздердин жашооңуздарга арналган иш — бул улуу искусство.

Окуучуларды окутууда жетишкендиктерге жеткен педагогикалык жамааттардын ишин белгилеп кетким келет. Акыркы жылдары республикалык жана эл аралык олимпиадаларда байгелүү орундарга ээ болгон окуучулардын саны өсүп жатканы кубантпай койбойт.

Сиздердин акылмандыгыңыздарга, изденген ак эмгегиңиздерге, жан дүйнөңүздөрдөгү сезимиңиздерге таазим этемин. Мугалимдин бардык аракети комиссия үчүн эмес, балага багытталышы керек. Кыргызстанда жашаган ар бир жаран кыргыз тилинде эркин сүйлөп, ошол эле учурда орус жана англис тилдерин дагы мыкты өздөштүрүп чыккан билимдүү окуучуларды даярдашыбыз керек. Мугалимдердин оор түйшүктүү эмгегинде бала тарбиялоодо ата-энелер ыктыярчы катары окуу процессине катышып, бала тарбиялодо бир багытты көздөө заман талабы. Бизге ар бир баланын билими, ден-соолугу жана тарбиясы маанилүү.

Ушул кубанычтуу майрам күнү сиздерге талыкпаган эмгегиңиздер үчүн чын дилимден ыраазычылык билдирип, бекем ден соолук, Кыргызстандын жаш муундарын тарбиялап жаткан асыл ишиңиздерге чыгармачылык ийгиликтерди каалайм".

Пикир

Оставить комментарий