• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров Кыргыз геология кызматынын 85 жылдык мааракесине катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 05.10.23./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз геология кызматынын 85 жылдык мааракесине катышып, геология кызматкерлерин, ардагерлерди жана салтанаттуу аземдин конокторун куттуктады.

Иш-чарада министрлер кабинетинин төрагасы геология өлкөнүн экономикалык жана экологиялык өнүгүүсүндө маанилүү роль ойнорун, аны менен бирге тоо кен тармагы бюджет түзүүчү өзөктүү эң ири тармак экенин билдирди.

“Геологдордун бир нече муундарынын гиганттык эмгегинин натыйжасында Кыргызстандын аймагында 15 миңден ашуун пайдалуу кендер табылган жана анын 500дө деталдуу изилдөөлөр жүргөн. Бүгүнкү күндө 345 кен мамлекеттик баланстын запасында турат”, – деди Акылбек Жапаров.

Акылбек Жапаров ошондой эле тоо кен тармагындагы жүргүзүлүп жаткан жумуштардын натыйжасында “бюжетке миллиарддаган киреше” түшүп, ички дүң өндүрүмдүн көлөмүндө “триллион” деген сан пайда болгонун кошумчалады.

“Азыркы күндө өлкөдө отун-энергетикалык ресурстары боюнча –26 кен бар, кымбат баалуу металлдар боюнча – 60, түстүү жана сейрек металлдар боюнча – 36, гипс, сары таш, туз ж.б. ушул сыяктуу рудалык эмес – 38, курулуш материалдары боюнча 199 жерде материал алынат. “Жалал-Абад”, “Ысык-Ата”, “Арашан” сыяктуу 15тен ашуун минералдык суу кендерибиз бар. Булар мамлекетке миллиарддаган кирешелерди берип жатат, ал эми ИДӨнүн көлөмү 1 триллиондон ашты”, – деди ал.

Белгилей кетсек, маселен тоо кен тармагы 2020-жылы 18,2 млрд сом киреше берсе, 2022-жылы 48,4 млрд сом киреше берген, бул 2 жарым эсеге көп.

“Ал эми Кумтөргө токтолсом, чындыгында Кумтөр экономиканын локомотиви, сыймыгы. Бийликтин ниети таза болгону үчүн азыр Улуттук банкта 50 тоннадан ашуун алтыныбыз турат – бул туруктуулук. Азыркы геосаясий жана экономикалык агымдардын өзгөрүп жаткан доорунда биздин өлкөнүн келечегине стабилдүү өнүгүүнү берет” – деди Акылбек Жапаров.

Акылбек Жапаров өз сөзүн жыйынтыктап жатып, президент 2024-жылдын бюджетине “Кыргыз геология” мамлекеттик ишканасына 1 млрд сом бөлүү тапшырмасын бергенин айтып, ошондой эле геолог-академик У.Асаналиев атындагы тоо-кен институтуна тоо-кен тармагындагы кадрларды көбүрөөк даярдоону кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий